www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сойку десе эле балит кыздарды, тепселенген акылы тайкыларды элестетээрибиз турган иш деңизчи. Бирок, сойкулардын арасында да билимдүү-илимдүү, өзүнө тыкандар көп. Атым Калича, шаарда Калича деген аттан уялып Сюзанна деп коюп алгам. Бул жакта мени баары Сюзанна дешет. Андан дагы кардарларды тартууда атың да чоң роль ойнойт.

Мен алгач өзүмдүн тарых таржымалыма токтолуп, анан сойкулукка кантип келгенимди айтып берейин. Биз Ош шаарында жашачубуз. Негизи төрт бир тууганбыз. Бир сиңдим эки иним бар. Азыр алар баары үйлөнүп-жайланышты. Апам биз мектепте окуп жүргөн кезде Кытайга кирип чыкчу. Ал кезде чанда гана киши Кытайга кирбесе, көптөр кире алчу эмес. Кытайдан товар алып келип, Кыргызстанга сатып, бутубуздан жакшы эле туруп калганбыз. Атам болсо биздин мектепте кароолчу болуп эмгектенээр эле. Апамды бир айда бир көрсөк көрөбүз, көрбөсөк жок, бизди чет жерде иштеп багып жүрдү. Апам акча эле алып келип бергени болбосо, бардык түйшүк атамдын мойнунда. Ата энедей болуп, балдардын окуусуна көп карабайт тура, эки иним шалман болду. Окуусун жакшы деле окушкан жок. Сиңдим да окуудан начар болуп калды. Мен болсо орточо окудум. Кийгенибиз кымбат кийим болгону менен мээбиз иштебегендиктен, классташтарыбыз бизди кошчу эмес. Ошентип төртөөбүз өзүнчө болуп, бул турмушта кандайдыр бир өчүбүз бар сыяктуу чоңойдук. Апам бизди таштап кетти.

Ошентип жашап жүргөн күндөрдүн биринде, апам бизди таштап дайынсыз жоголду. Арадан алты жыл өттү, апам жок. Биз акча жагынан да, башка жагынан да абдан кыйналдык. Жалгыз атамдын айлыгы төртөөбүзгө жетпейт, жегенибиз кара нан. Ал унубуз да түгөнүп, талканга өттүк. Жашообузга нааразы гана болуп жүрүп мектепти араң дегенде бүттүк. Анда жогорку окуу жайга тапшырыш деген ой кайда, эптеп иштеп курсагыбызды тойгузсак экен деген гана ой. Мен мектепти бүтүп, шаарга иштейм деп кетип калдым. үйдө үч бир тууганым менен атам калды. Шаарга келип, идиш жууп, кабат үйлөрдүн подьезддерин жууп иштеп алганым жарыбаган акча. Квартирама да жетпейт. Эптеп жашап жүрдүм.

Сойкулукка барышыма Жамила эже күнөөлүү.

Анан официантка болдум. Балээнин баары ушул жумуштан башталды. Официант болуп аз эле иштегенден кийин, кафеге дайыма сулуу чумак эже келип жүргөн болчу, ошол эже негедир мага бору ооруй берчү. Кээде үйүнө чакырып коноктоп, манты жасап берээр эле. Аты Жамила болчу. Жамила эже менен 2 ай жакшы сүйлөшөндөн кийин мага официант болуп эмне кыласың, мен сага күнүнө миң сом таба турган жумуш таап берем деди. Анда миң сом абдан көп акча эле.

Мен алгач абдан таң калдым, анан ушинтип куурап жүргөнчө Жамила эже айткан жумуштан иштеп көрөйүн дедим да Жамила эженикине бардым. Барсамле үйүндө тамак ичкени жатыптыр, аны менен кошо отуруп тамактандым, анан вино ичели эртең жумушка чыгасың дегенинен, макул болуп вино ичип алдым. Көрсө ага уктаткандын дарысын кошуп коюптур, мен байкуш аны кайдан билейин эженин көңүлү калбасын, эптеп ишке орношуп алайын деп ичкен элем. Бир маалда уктап калыптырмын. Эртең менен турсам эле курсагы чандыйган бир дөбөт кишинин койнунда жатам. Ал болсо: «Аттиң, абдан сонун кыз экенсиң, аялым каршы болбогондо сени экинчи аял кылмакмын», – деп туруп шымын кийип мага 800 сом таштап, калганын «мамашаңа» таштагам капа болбо деп кетип калды. Мен эч нерсени түшүнбөй катып калдым. Бир маалда Жамила эже келди да, баягыдай сылык мамиле жок, оройлонуп мени кагып силкип жатты. Мен болсо Жамила эже, мени сойкулукка алып келдиңизби, мен мынтип денемди сатып иштегенден көрө өлгөнүм артык десем эле албууттанып кирди. Эгер дагы бир жолу оозуңдан ушул сөз чыкса милицияларга салып берип коём, алып барып 10-15и сени колдонот, ошондо сойку болбогонуңду көрөм, андан көрө иштей бер, сенин сойку экениңди көчөдөгңүлөр билип коюптурбу, күнүнө миң сом берип турам, айылдагы атаңа жөнөтөсүң, ачка бир туугандарыңды багасың, деди. Мен эки күн ыйлап отурдум. Себеби, мени сыртыман бекитип, анысы аз келгенсип документтеримди мен уктап жатканда алып коюптур. Мен шаарды жакшы билбегендиктен кайсы райондо жатканымды деле билбейм. Азыр ойлосом, 8-кичирайондо экенмин.

Анан курсагым ачып, өлөйүн деп калганда Жамила эже келип, иштейсиңби, иштебесең милицияларга салып берем дегенинен милициядан корккон жаным аргасыздан макул болуп иштеп калдым. Күнүгө 3-4 киши тейлейм, абдан жийиркенем. Бир жолу жийиркенип атып катуу ооруп төшөккө жатып калдым. Ошондо да эже кыйнап кардарларды алып келди. Кээде болсо кардарлар өздөрү чакырган жакка барабыз. Бир жолу бирөө саунага чакырганынан бардым. Барсам абдан эле картаң, курсагы салаңдаган, бетин бырыш, чачын ак баскан чал олтуруптур. Тагдырыма ушунча нааразы болуп, кайра чыгайын десем эле эки жан сакчысы колуман кармап, кийимдеримди жыртып сабап туруп тиги чалдын алдына алып барып ыргытып салышты. Ал чал болсо эч нерсе болбогондой менин үстүмө чыгып алып болушунча тайраңдадыды.

Ошондон кийин эмнеси болсо да документимди алып туруп Жамила эжеден кетем деген план койдум. Бир күнү Жамила эжеге тапкан акчаман шампан шоколады менен алып бардым. Экөөбүз ичтик, анан эле Жамила эже жуунганы ваннасына кирип кетээри менен үйүн тинтип отуруп документимди таап алдым да качып чыктым. Кийин мен да кыздарды саттым Жамила эжеге, мени кордогонуна ушунча жиним келип, кантип өч алаарымды билбей, милицияларга өзүм барып, Жамила эже кыздарды сатып алардын арты менен акча таап атканы тууралуу айтып салдым. Алар анын артынан түшүп атып, мен берген маалыматтын чын-бышыгына чыгышкан соң, эжени соттоп жиберишти. Эже түрмөгө отургандан кийин, эмнегедир менин ишим жүрүшпөй, эмне кыларымды билбей, мен да айылдан жаңы келип иш таппай жүргөн кыздарды аңдып, алардын артынан түшүп өзүмө 5-6 кыз чогултуп туруп Жамила эженикиндей методду колдондум.

Кыздарды Бишкекте да сатып, анан алардан акча аз түшүп калганда бир түрк менен сүйлөшүп түрктөргө сата баштадым. Акчага марып эле жатып калдым да, шаардан эки бөлмөлүү батир сатып алдым. Туугандарым да мектепти бүтүп калышкан, аларды бул жакка чакырып алдым.

Алар болсо мени бир чоң фирмада иштейт деп жүрүшөт, менин кыз сатканымды кайдан билишсин. Туугандарыма жардам берип аларды бутунан тургуздум. Биздин жашообуз жакшы болуп калган мезгилде, апам Тамарадан кат алдык. Апам ал кезде бирөөнүн акчасын уурдап алып түрмөдө отурган экен. Анан андан бир жыл өтпөй эле кургак учуктан каза болуп сөөгү келди. Атама болсо аял алып берип койдук. Оштогу үйдө азыр эч ким жашабайт, ал жакты бузуп келип, шаарда инилеримдин үйүн бүтүрдүк. Анан акчам өзүмө, бир туугандарыма жете турган болгондо чакан пивокана ачып, аны чоңойтуп кафе ачып алдым. Ошентип кыз сатуу бизнесинен алыстадым. Кыздардын убалына калбасам, жашоом башкача болот беле…

Азыр баары үйлүү-жайлуу, бала-чакалуу болушту. Мен болсо сойку болуп жүргөндө боюман 4 жолу алдыргандан кийин төрөй албай калдым. Күйөөм да жок, азыр заңгыраган тамда өзүм жалгыз жашайм. Акчаң, байлыгың турганы менен бала жытын жыттабай, күйөөң жок жалгыз жашаганың жаман эле экен. 35 жашка чыктым, эми ойлосом сойкулук кылбасам мүмкүн жашоом мындан да жакшы болуп, төрөп бирөөнүн сүйүктүү жары болуп отурмакмын. Ал эми баягы мен саткан кыздар дале сойкулукту ташташа элек экен, кээ бирлери наша чегип да абдан эле бузулуп кетишиптир. Менин тагдырымды Жамила талкаласа, ал кыздардын тагдырын мен талкалап, ошонун жазасын тартып отурам. Бир чети ойлонсом мага чала, мага сооп болот. Ал кыздарды сатпай эле ак эмгегим менен иштесем, жашоом таптакыр башкача болмок деп өзүмдү-өзүм жеп келем. Азыр болсо сойку кыздарга жардам бергим келет. Алар деле адамдар да, аларды коомдлон бөлүп салбай тескерисинче жакшы иштерге иштетип, ал ыплас жолдон алыстатууну ойлоп жүрөм. Канча кызды менин кафеме иштеттим, азыр да иштеп жүрүшөт. Сойкулукту таштаган соң өзүм Улуттук университетти бүтүп алгам. Эми бала багып алсамбы деген ойлорум бар…

Булак: "Айымдар кж"

Последние новости