www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн, 20-июлда Түркиянын ордо калаасы Анкара шаарындагы Этимесгут районунун расмий делегациясын кабыл алып, эки тараптуу кызматташтык мамилелерди өнүктүрүү жаатында пикир алышты. Делегациянын курамында Анкаранын Этимесгут районунун мэри Энвер Демирел, муниципалитеттин өкүлдөрү, райондук кеӊештин депутаттары бар.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков меймандарды Режеп Тайип Эрдогандын Түркиянын президенти болуп шайланышы жана парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Ал абалтадан келаткан боордоштук салтка, өнөктөштүк байланыштарга таянган эки тараптуу кыргыз-түрк мамилелеринин пайдубалы бекем экенин, Кыргызстан үчүн Түркия эӊ ишенимдүү өнөктөш өлкөлөрдүн бири болуп санала турганын баса белгиледи.

«Эки өлкөнүн ортосунда көп жылпылыктары бар: биз – бир атанын балдарыбыз, тилибиз менен дилибиз, маданиятыбыз менен салт-санаабыз дагы окшош. Түркияда шаарлар менен мунипалитеттерди жигердүү өнүктүрүү маселесине өзгөчө көӊүл бурулап жатканы байкалат. Кыргызстан дагы чакан шаарларды өнүктүрүү аракетин жасоодо. Силер бул багытта мол тажрыйба топтоп калдыӊар. Ошондон улам, силерди биздин шаарлардын муниципалитеттери менен жакындан кызматташуу менен, ырааттуу жолугушууларды өткөрүп, инфратүзүмдөрдү жакшыртуу, жол куруу жаатында өз ара тажрыйба алмашууга чакырам», - деди Дастанбек Жумабеков.

Ошондой эле, Төрага жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын ортосундагы алакаларды арттырууга да кызыкдар экенин билдирди. Анын пикиринде, мыйзам актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча тажрыйба алмашуу региондордун өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Ал эми Этимесгут районунун мэри Энвер Демирел түрк делегациясын жылуу кабыл алганы үчүн Төрагага ыраазычылык билдирип, анын көӊүлүн эки өлкөнүн ортосундагы көп тармактуу жана көп багыттуу кызматташтык мамилелерди өнүктүрүү зарылчылыгына бурду деп билдирет Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости