www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СОЮЗБЕКтин планетасы

Адамдын кыялына, ой секиригине чек жок. Кээде акылыбыз жеткен сызыктан да ары өтүп, сезим туюмубуздун туу чокусуна жетип не деген гана чексиздикке кирип кетесиң. Ооба, космостук ылдамдыктай сызган бала кездеги кыялдарыбыздын бири - бул “жөн эле” Гагариндей болгубуз келген, керек болсо андан ары учуп өтүп, өз дүйнө -ПЛАНЕТАбызды табуу болчу. Кеп Кыргыз Республикасынан гана эмес, Орто Азиядан биринчи чыккан, жер шаарын айланып учкан алгачкы учкуч Союзбек Салиев жөнүндө болмокчу.

Ал өзүнүн ар тармактагы мыкты образдарын жаратып келип, 50 жашка толуп өз дүйнөсүнүн зор планетасын курду. Ооба, Союзбектин планетасы кол жеткис. Ар бир жылда бирден мыкты кирпич коюп чоң үй, мунара салгандай. Ал кичинекейинен өзгөчө зээндүү, окумал, тартиптүү, жоопкерчиликтүү бала болчу деп сөз кылышты айылдаштары, туугандары кечээки өткөн юбилей кечеде. Бала кезде эрте туруп нанга камыр жууруган эркек чанда эле.

Боорукер кимге гана болбосун өтө кичипейил мамилеси, койгон максатына жетүүдөгү өжөрлүгү, кайсыл жумуш болбосун аны аткаруудагы түздүгү, өзгөчөлөнгөн акылмандыгы, досторго болгон сый урматы, кайрымдуулугу, чыр чатакты болтурбоо аракети, болсо чече билген даанышман таризинде сүйлөгөн чечендиги, ашкере эмес жеткиликтүү жоомарттыгы, көпчүлүктүн көңүлүн табар уюштургучтугу ж.б.у.с толгон тунук сапаттары менен адамгерчиликтии алдыңкы үлгусүн көрсөтө алды.

Биз билген Союзбек Салиев Союз ураганда жоюлган комсомол ордуна жаңы желаргы менен 1991-92 жылдардагы жаштар саясатында Кыргызстан Студенттер кошуунун уюштуруучулардан болуп, анын төрагасы болду. Демократиянын алгачкы этабында жаштардын башында жүрдү. Ошондо республикалык деңгээлде өткөрүлгөн студенттик фестиваль, жаштар арасындагы түрдүү иш чаралар Союзбек Салиевтин аты менен белгилүү. Жаштар, спорт боюнча мамлекеттик комиссиянын төрөгасы болуп иштеген учурда “Жаштар боюнча саясаттын негиздери” ж.б.у.с мыйзамдар иштелип чыккан.

Өкмөттө, мэрияда иштеген жылдарда ал такшалды, шаарды башкаруунун күнгөйтескейин түшүндү, ошол себептен да Бишкектин орус тилдүү Асанбай округунан 49 кандидаттын ичинен 1-орунду ээлеп, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болду. Тынымсыз эмгектин жана алдыңкы билимге, маалыматка сугарылган өжөр мүнөздүн артынан айылдан келген жигит шаар калкынын сүймөнчүгүнө айланган. Баары айылдан башталат. Биз достору анын депутат болуусуна бир команда менен чоң салым кошконбуз деп эсептейбиз, бирок анын туура койгон стратегиясы, лидерлик харизмасы, элдин күрөө тамырын сезе билгендиги негизги ролду ойногон, учур өзү тандаган анда Союзбекти. Союзбекти бардык мезгилде жылмайган, кеңпейил инсан катары билебиз. Жылдызы жанган Союзбек өзүнүн округуна аким да болуп майнаптуу иштеп берди.

Мына азыр мэр эмес, премьерминистрлик кызматка даяр улуттук кадрлардын бири. Бирок, ал бизнеске кетип балалык кыялындагы учкуч болом деген максатын иш жүзүнө ашырып өз планетасын “ЭМГЕК, БИЛИМ, АРАКЕТ” менен жасады, натыйжага жетти. Кыргыз Республикасынын ыйык атрибуттарынын бири мамлекеттибиздин желегин желбиретип жер жүзүн айланып чыкты, жана бул эрдиги менен жаштарга патриоттук дем берди. Статистика боюнча, 1924-жылдан бери карай бир моторлуу учак менен жер шарын 230 адам айланып учуптур (Ага караганда космоска көп учкучтар барып келген). Бул акылга сыйбаган чындык, анткени өз өмүрүн тобекелге салып 64 күндө 4 континетти, 3 океанды, 22 мамлекетти, жүздөгөн аралдарды 45000 км.ди багынтып жер жүзүн айланып өттү.

Канча учкучтар Тынч океанда ж.б. кооптуу багыттарда жоголгонун билип туруп, бир жаратканга гана ишенип Союзбек Салиев өз өмүрүн тобокелге салганы эрдик эмей эмне? Бала кезден келе жаткан кыялдын зор күчү аны Бишкектеги учкучтар мектебин бүтүрүүгө, Кыргыз Республикасынын учкучтар отрядына мүчө болууга, мамлекет ичинде жана чет өлкөлөрдө учуу менен авиатордук кесипкөйлөгүн мыкты өздөштүрүүгө жана терең билим алуусуна дем берди. 2014-жылы башталган бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чейин эле жер шаарын айланып учууну максат койгон. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүбүздүн 25 жылдыгына карата 2016-жылдын 31-августуна тыкыр даярданып жер планетасын айланып учуп өтүп, дүйнөлүк жаңы багытты бекемдөө менен Кыргызстанды жер жүзүнө даңазалады. Кыргыз тарыхындагы Союзбек Салиев жасаган эрдиги эртедер - кечтир бааланат деп ишенем, анткени бул Союзбек үчүн эмес, биздин эртеңки келечегибиз болгон жаштарыбызга керек.

Жаштарга улуу сезимди, эрдиктерге жол ачкан духту көрсөтүү, Кыргызстан патриотизмин көтөрүү максатында, мекенчилдик касиеттерди бекемдөө, шыктандыруу үчүн төмөнкүлөрдү сунуш кылар элем: 1. Маданият,маалымат туризм министрлиги Кыргызстан Жаштар үйү жана “Кыялдар менен Эрдиктердин аллеясы” жөнүндө жобо иштеп чыкса. 2. Бишкек мэриясы жаны ачылып жаткан парктардын аймагында “Кыялдар менен Эрдиктердин аллеясына” азыртан орун камсыздаса. 3. Жобонун негизинде улуттук долбоорго сынак жарыяланып, сыйлык фонду көрсөтүлсө. 4. Дүйнөнү айланып учкан учактын өзү жана желектин көчүрмө сүрөтү эл көп чогулган аянтчага убактылуу орнотулса. 5. “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө” (2009-ж. 25-июнь) мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан түп тамырынан бери иштелип чыкса, каржы булактары кеңири белгиленсе. Бүгүн мыйзам иштебейт, дээрлик каржыланбайт. Жаштар келечегин чет өлкөдөн көрөт. Мигранттарга мамлекеттин мамилеси белгилүү, чет жактарда өлкөсүнө кайдыгер, тил билбеген башка элге сиңип кетер жаңы муун калыптанууда.

Окуп жаткан жаштарыбыздын деле мекениме кайтам дегендери аз. Ыкчам реформалар кечеңдеп жатат. Чек арабыз тынч эмес. Жаштардын коомдогу орду төлөнгөн митингтерге эле керек болбосо, 100 миңдеген жаштар тагдырын талаадан издеп мекенинен чыгып кетүүдө. Байларыбыз көпчүлүк каражаттарына тойкана, базар, ЦУМ-ГУМ кургандан чарчаган жок. Элибиздин жүрөгүн чыгашалуу тойлор, көчөдөгү саркынды саясат, талканы чыккан маданият, балдарыбыз үйрөнүп жаткан уятсыз, тарбиясыз жаңы үрп адаттарыбыз, каада салттарыбыз ээледи. Мына, 30 жылга жакындаган эгемендүүлүгүбүздүн чачыраган натыйжасы.

Экономиканы гана алдыңкы сапка коюп багыты жок бараткан жолубуздун кесепетинен ата-бабаларыбыздын канынан жаралган улуу журтубуздун кызыл туусунун өңү саргарып кетпесе болду. Кумар Мейманкулов,маданият жана саясат багытындагы адис P.S. Коомдун ар бир катмарына сиңип кирген улуу күчтү бир гана мамлекеттик идеялогия түзө алат. Улуттук аң сезимди калыптандыраар жана аны келечектүү өнүгүүгө багыттай турган “идеялогиялык жылдар” мезгили келди деп ойлойм. Кыргызстандагы эн негизги МИНИСТРЛИК бул Маданият, маалымат, туризм министрлиги болууга тийиш, ага кеңири функционалдык укук милдеттерди берүү менен жетиштүү каражат бөлүнүшү керек. (Мага койсо Конституцияга маданият менен экологияны негизги баалулуктарга түбөлүккө киргизмекмин.)

Же болбосо Мамлекеттик катчы институтун жаңы формада түзүп чыгуубуз зарыл. Чочубай чоң өзгөрүүлөргө кадам таштай алабызбы? Ошондо гана биздин мекенибизде көп тармакта жүздөгөн эрдик жасаган Союзбек Салиевтер көбөймөк. а өзүбүзгө буруп алдык. “Булар эмне эле болуп жатышат” деп, сырткы күчтөр да ынтызар болуп кулактарын түрүп калды. Айтор, кырдаал оорлоп баратат. Элибизге дагы бир тополоңдун кереги жок. Ошондуктан өлкө келечегин ойлогон аксакалдар, жоопкерчиликтүү саясатчылар өлкөдөгү кырдаалга оор басырыктуу мамиле кылып, кызуу кандуулукка алдырып жаткандарды сабырдуулукка чакырып, өлкө башчысына кол кабыш кылышып, мамлекетибиздеги туруктуулукту сактап калууга салымдарын кошушу керек. Шайлоолор адилеттүү, калыс, эң негизгиси тынч өтүшү келечек, өнүгүү үчүн өтө маанилүү. Азыр саясый туруктуулук аба менен суудай керек кез.

Булак: "Майдан.kg"

Последние новости