www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эне үчүн баланын күйүтүн тарткандан өткөн азап жок эмеспи... Россияга иштегени кеткен жалгыз кызын ойлоп жатып оорукчал болуп калган Шарипа апанын кейиштүү бул баянын гезит бетине жарыялап коюуну туура көрдүк.

Мөлтүрөгөн кызымдын өлүү-тирүүсүн эч биле албай азапка батып, акырында минтип ден-соолугумдан ажырай баштадым. Эмесе кеп башынан болсун. Өзүм беш баланын энесимин. Күйөөм мындан беш жыл мурун жол кырсыгынан көз жумган. Анын жылдыгын өткөргөн соң жалгыз кызым көр тириликтин айынан тааныштарына кошулуп Россияга кеткен эле. Ал жакка барганда жарым жылга чейин биз менен кабарлашып жүрдү. Андан кийин таптакыр дайыны билинбей калды. Ошондо башыма ар кандай жаман ойлор келе баштады. Эненин жүрөгү башкача жаралган эмеспи. Башында кызымдын аман-эсен экендигин сезип эле жаттым. Бирок сарсанаа болгондуктан чыдай албай бир көзү ачыкка барып төлгө салдырдым. Ал кабагын бүркөп:

- Кызыңыздын абалы оор экен. Бирөөлөрдөн катуу кордук көргөн окшойт...Жардам сурап ыйлап жатат-деди үрөйүмдү учурду.

- Деги кызымды тирүү көрө аламбы?-деп ыйлап жибердим. Көзү ачык мени көзүмө тик карай албай: - Бул тууралуу мен так маалымат бере албайм. Бирок кызыңыз кайтып келиши мүмкүн,-деп башын жерге салып жооп берди. Ошону менен экөөбүздүн сөзүбүз бүттү... Көзү ачыкка барганымды уккан бир тууган сиңдим мага нааразы болуп:

- Эже, кызык адам экенсиз. Баардыгы Кудайдан... Анын сөзүнө ишенбей эле коюңуз-деди колун шилтеп.

- Анда эмне кылышым керек?-деп жалооруп жибердим. - Сабыр кылыңыз. Акыры кабарын билдирер-деп үшкүрүнгөн сиңдим үйүнө жөнөдү. Ал кеткенден кийин кыжалат болуп үйгө эч отура албай койдум. Короого чыгып ары-бери бастым. Эч нерсеге көңүлүм келбей башым ооруп чыкты. Бир маалда өзүмдү мурдагыдан начар сезе баштаганда үйгө кирип өзүмдүн бөлмөмө барып эс алмай болдум. Эмнегедир алсырап жатып кантип көзүм илинип кеткенин байкабай калыптырмын. Түшүмдө кызым шаркырап аккан суунун аркы өйүзүндө турган экен. А, мен берки жээкте ага кол булгалап кыйкырып жатыптырмын. Ал мени көрүп бери карай келатып күтүүсүздөн суунун ичине кирип кетти. "Кагыла-йын кызым!"-деп ачуу чаңырган аянычтуу үнүмдөн өзүм чоочуп ойгонуп кеттим. Муундарым титиреп, жүрөгүм кабынан атып кетчүдөй болуп согуп, бир топко чейин өзүмө келе албай кыйналдым. Ордумдан эптеп турган соң кайра короого чыктым. Кеч кирип бараткан экен. Жумушунан келишкен уул-келиним менин кебетемди көрүп коркуп кетишти. Аларга көргөн түшүм тууралуу айтсам мага зээни кейиген келиним: - Апа, түшкө суу кирсе жакшы болот. Бурулдун өмүрү узун болот экен-деди жакшылыкка жоруп. - Оозуңа май айланайын,-деп ыраазы болдум. Келинимдин сөзүнөн кийин бир аз өзүмө келдим... Эми андан бери арадан бир жыл өттү. Учурда кызымдан дагы үмүтүмдү үзө албай жүрүп оорукчан болуп калдым. Энеге баланын күйүтүн тарткандан өткөн азап жок экен...

Нурпери ИСАБЕКОВА

Булак: "Багыт.kg"

 

Последние новости