www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Сокулук айыл аймагынын башчысынын мурдагы орун басары кызматтык жасалмачылык менен алектенген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР УКМК тарабынан мыйзамсыз көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, учурдагы Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары «М.М.», мурда Сокулук айыл аймагынын башчысынын орун басары болуп иштеп турган убагында кызматтык жасалмачылык фактысы менен алектенгендиги аныкталды.

«М.М.», банктардын биринен ири өлчөмдө насыя алуу үчүн Кыргыз Республикасынын «Р.А.» аттуу жаранына жасалма күбөлүк берген, бирок каттоо журналында ​​"А.Д." аттуу башка жаранга берилди деп катталып, «Р.А.» аттуу жарандын 770 баш чочкосу, 100 баш ую, 22 баш бука жана 200 баш майда бодо малы бар экендиги жөнүндө жалган маалыматтар маалымдамага жазылгандыгы аныкталды.

Жогорудагы көрсөтүлгөн материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренесинин 1-бөлүмү (Кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости