www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2017-жылдын 30-июнунда Чүй  облусунун Сокулук районунда жайгашкан Сокулук комплекстүү мамлекеттик сорт сыноо аянтында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги үрөнчүлүк чарбалардын дан эгиндердин жаңы сорттору менен таанышуу жана Сокулук комплекстүү мамлекеттик сорт сыноо аянттында өздөштүрүлүп жаткан дан эгиндери боюнча семинар өткөрдү.

Семинарга министрликтин алдындагы талаачылыкты, үрөөнчүлүктү жана органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ж. Жумалиев, Сокулук районунун мамлекеттик администрациянын өкүлү Т. Ракимбаева, Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн экспертизациялоо департаментинин кызматкерлери жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктардын, айыл аймактардын, үрөнчүлүк чарбалардын, айыл чарба кооперативдердин  жетекчилери жана дыйкан, фермерлери катышты.

Семинардын максаты кылкандуу дан эгиндеринин чанактуу дан өсүмдүктөрдүн сортторун расмий сыноодон өткөрүү.  айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку репродукциядагы жаңы перспективдүү жана дефицит сотторунун үрөнүн көбөйтүү иштерин жүргүзүү.

Сорт сыноо тилкеси 76,0 гектар сугат жерден турат. Сокулук районунун Курпская атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылында Сорт сыноо тилкеси орун алган. Акыркы 3 жыл ичинде жаздык-күздүк буудайдын 80 сортун жана жаздык-күздүк арпанын 43 сортун расмий сыноодон өткөргөн.

Семинардын жүрүршү теориялык жана практикалык жол менен эки түрдө өткөрүлүп, Сокулук комплекстүү мамлекеттик сорт сыноо айдоо аянтында дан эгиндердин жаңы сорттору менен таанышуу менен жыйынтыкталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости