www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясыныан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 17-февраль күнү Сокулук РИИБине 1975-жылы туулган К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, чала тааныш эркек кишиге жана аны менен чогуу жүргөн жарандарга чара көрүп берүүнү суранган.

Анткени, 2021-жылдын ноябрь айында алар жабырлануучунун ишеничине кирип, алдоо жолу менен Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы жер тилкесин үй салууга мүмкүн экендигине айтып, сатышкан.

Натыйжада арыз ээсине жалпы суммасы 450 миң сомдон ашык материалдык зыян келтирилген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1970-жылы туулган А.Т. аттуу
жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости