www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө 70 жаштагы киши жашы жете элек майып кызды зордуктоого шектелип жатат. Бул тууралуу укук коргоочу Камиль Рузиев билдирди.

Анын айтымында, Түп районунда 5 айлык боюнда бар 16 жаштагы өспүрүм кыз ооруканага түшүп, операция болгон. Дарыгерлер өспүрүмдүн өзүн сактап калышканы менен ымыркай каза болуп калган. Өспүрүм кыз шал оорусуна чалдыккан, 2-топтогу майып.

«Өспүрүм кыз 70 жаштагы кошунасы зордуктаганын айтып, үйүн көрсөтүп жатканына карабастан, ал адамга иш козголбоптур. Окуя боюнча иш козголгону менен ал адам күбө катары гана өтүп жатыптыр. Ошондой эле Стамбул протоколу боюнча кароо жүргүзүлбөптүр. Милиция кызматкерлери ишти тийиштүү деңгээлде иликтебей жатат», – дейт Рузиев.

Айрым маалыматтарга караганда, шектүү жаран майып кызды «белек берем» деп алдап үйүнө алып кирип зордуктап жүргөн.

Ошондой эле ал бул иш боюнча акыйкатчыга да кайрылганын билдирди.

«Бул иш боюнча акыйкатчы баш болгон тиешелүү түзүмдөргө кайрылдым. Учурда жооп күтүп жатам. Ысык-Көлдөгү президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарына кайрылдым эле ал атайын ушул иш боюнча жергиликтүү бийликтин жетекчилери менен жыйналыш өтүп жатат», – деди укук коргоочу.

Бул окуя боюнча облустук милицияга кайрылганыбызда, тийиштүү медициналык экспертизалар дайындалганын, иштин чоо-жайы жана шектүү тууралуу маалымат тергөө аяктагандан кийин берилерин айтуу менен чектелишкен.

Кыздын апасы жуунтуп жатып ичи чыгып калганын байкап УЗИ кылып анан билген.

 

Последние новости