www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан Кыргызстан менен инвестициялык кызматташтыкты активдештирүүгө даяр. Бул тууралуу Өзбекстандын премьер-министринин орун басары – инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун салтанаттуу ачылышында билдирди.

Белгилей кетсек, иш-чара «Ала-Арча» резиденциясында өттү.

Анын айтуусуна караганда, Кыргызстан Өзбекстан үчүн жөн гана коңшу эмес, тарыхы, маданияты жана салты бир боордош эле.

«Акыркы жылдарда өлкөлөр ортосундагы товар айлантуунун көлөмү 5 эсеге өстү. Алдыда биз өнөктөштүк потенциалыбызды өнүктүрүүнү жана жогорулатууну, ошондой эле инвестиция тартууну активдештирүүнү пландап жатабыз», - деди ал.

Ошондой эле Умурзаков фонд кызматташуунун алкагында реалдуу натыйжаларга жетишүүгө кызмат кыларына ишеним артты.

«Жакынкы убакта бул фондду толук масштабдуу ишке ашырууга киришебиз деп ишенем», - деп жыйынтыктады вице-премьер-министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости