www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Макрон президенттик шайлоодо жеңип чыгаары айтылды

Франциянын азыркы президенти Эммануэль Макрон президенттик шайлоонун экинчи айлампасында 53,5 пайыз добуш менен жеңишке жетиши мүмкүн.

Саясатчынын жеңиши Elabe компаниясынын сурамжылоосунун жыйынтыгында болжолдонгон.

Социологиялык изилдөөгө ылайык, Макрондун атаандашы, оңчул Улуттук митинг партиясынын башчысы Марин Ле Пен 46,5 пайыз добуш ала алат.

Ошол эле маалда сурамжылоого катышкандардын 63 пайызы 24-апрелде шайлоого барарына ишеним билдирди. Жарандардын 10 пайызы "шайлоого олуттуу киришет" деп айтышса, 27 пайызы шайлоого барбай калышы мүмкүн.

Эске салсак, 10-апрелде Францияда президенттик шайлоонун биринчи айлампасы өттү. Макрон 27,84 пайыз добуш алса, Ле Пен 23,15 пайыз добуш алды. Үчүнчү орунда 21,95 пайыз добуш менен солчул талапкер Жан-Люк Меленшон болду.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости