www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ күнү белгилүү болгондой, Бусурманкул Табалдиев кайтып келип, көрсөтмө бериптир. 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаев абактан чыгарылганда ал Коргоо кеңешинин катчысы болгон. 2019-жыл Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш кайра карала баштаганда, Табалдиев өлкөдөн качып кеткен жана ага издөө салынган.

Табалдиев былтыр күзүндө келип, Ички иштер министрлигине өзү барыптыр, ноябрда үй камагына чыгарылып, декабрда ага коррупцияга аралашкан деген берене боюнча күнөө коюлуптур, февралда тергөө аяктап, анын иши сотко өткөрүлгөн деп айтылууда.

Коопсуздук кызматын эки жолу башкарып, укук министри болуп иштеп, баш прокурордун милдетин да аткарган Табалдиев Батукаведин иши боюнча бардык маалыматка ээ болуш керек, бирок аны бийлик кандайдыр бир орчундуу жазага тартат деп ишенүү кыйын – иш айып пул төлөө менен аякташы мүмкүн. Анткени Кыргызстанда азыр мамлекет дагы, коом дагы бийликке аралашкан мезгилде кылмыш кылгандарды жазалоого кызыкдар эмес. Атамбаевди деле коргоп, эл митингге чыгып атпайбы.

Последние новости