www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23-августта Сокулук районунун Кашка-Баш айылындагы үйлөрдүн биринин уктоочу бөлмөсүнөн башынан жаракат алган 23 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 28-августта билдиргендей, бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин («Киши өлтүрүү») негизинде РИИБге катталды.

Чүй ОИИБинин жана Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жаран кармалды. Ал маркум кыз Ж.М.нын 2008-жылы туулган иниси экени аныкталып, шектүү убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылды.

Тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости