www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук районундагы ири айыл чарба жерлеринин ээлери жана мамлекеттик органдардын кызмат адамдары катышкан коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул факт Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жана УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган.

Анда белгиленгендей, айыл чарба жерлеринин ээлери ири өлчөмдө пайда табуу максатында айрым мамлекеттик кызматкерлердин түздөн-түз көмөгү менен 2012-жылдан тартып жалпы аянты 200 гектардан ашык айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз жеке турак жай куруу багытына которгон. Андан соң жерлерди жарандарга сатуу боюнча мыйзамсыз аракеттерди жасашкан. Ошондой эле жер ээлери бир эле жер тилкени бир нече адамга сатып, бирок аларга жерин же акчасын кайтарып бербей жүргөн учурлар да бар экени айтылды.

Жогорудагы фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Соттун чечими менен тинтүү иштери жүргүзүлүп, көп сандаган документтер, тактап айтканда, ишеним каттар, жер тилкелерине мыйзамсыз берилген мамлекеттик актылар, айыл чарба багытындагы жерлердин контурларынын мыйзамсыз схемалары, техникалык паспорттор, алып-сатуу келишимдери, жарандардын арыздары, тизмелер, топографиялык кагаздар, ошондой эле улуттук жана чет элдик валютадагы акча каражаттары, банктык карталар жана башка тиешелүү нерселер алынган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы фактыга тиешеси бар К.К., Ж.Н., Т.Т., О.А., К.А. аттуу жарандар шектелип кармалып, Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча бардык жагдайларды тактоо жана кылмыштуу аракеттерге тиешеси бар адамдарды аныктоо үчүн текшерүү иштер жүргүзүлүүдө.

Последние новости