www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атасы баласы аны үйдөн кууп салат деп кооптонуп, аны өлтүрүп салууну чечкен. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылган.

Белгилүү болгондой 2020-жылы 15-16-августка караган түнү Самат (аты өзгөртүлдү) уктап жаткан уулу Бакыттын (аты өзгөртүлдү) жанына келип, балка менен башка чапкылап баштаган. Ызычуудан үйдөгүлөрдүн бардыгы ойгонуп, Саматты токтотууга жетишишкен. Бакыт дароо ооруканага жеткирилип, доктурлар аны аман алып калышты. Сокулук ИИБсинде "Адамды өлтүрүү аракетин көрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Сот залында айыпталуучу өз күнөөсун жарым-жартылай мойнуна алды. Анын айтымында уулу Бакыт акыркы үч күндө үйдөн кетип калыңыз деп суранган, анткени ал арак ичип, жубайын сабачу. Бирок бара турган жери жок болгондуктан, үйдөн кууп салышат деп кооптонгон.

Жабырлануучу Бакыттын айтымында ал беш жылдан бери Россияда иштеп жүргөн. Акыркы кезде апасы телефон чалып, үйгө келүүсүн сурана баштаган, бирок себебин айткан эмес.

Россияда иштеп жүрүп үй салдым. Бул жака кайтып келгенимде атам ар дайым ичип, апамды сабай турганын билдим. 15-август күнү кечинде атам экөөбүз кайра уруша кеттик, ошондо атамдан кетип эле калыңыз, сиз менен бир үйдө жашай албайм, деп сурангам. Бардыгыбыз жатканбыз. Түндө башыма бирөө согуп жаткандыктан ойгондум. Эмне болуп жатканын түшүнгөн жокмун. Туугандар атамды ары сүйрөп кетишкенин көрдүм, өзүм бүт кан экенмин. Андан кийин мени ооркунага алып барышты", - деп жабырлануучу айтып берди.

Бакытты ооруканага бир аз кечирээк алып келишсе, комага түшүп, андан кийин үзүлмөк, деп дарыгерлер айтышкан.

Процесстин бардык катышуучуларды угуп сот Саматты айыптуу деп тапты. Ал беш жылга эркинен ажыратылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости