www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук районунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББнын баса сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 6-февраль күнү Сокулук районунун ички иштер органдарына Военно-Антоновка айылындагы көчөлөрдүн биринен болжол менен 35-40 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат
келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде окуя болгон жерге Сокулук районунун ИИБинин ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин натыйжасында каза болгон жарандын өздүгү аныкталып, ал 51 жаштагы Д.Э. экендиги аныкталып, ал киши колдуу болуп каза болгону маалым болгон.

Аталган окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук районунун ИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 32 жаштагы А.У. аттуу жаран кармалган. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя шектүү жаран менен каза болгон кишинин ортосунда мас абалында пикир келишпестиктен улам чыкканы маалым болгон.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости