www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылы 12-ноябрда “Манас” аэропортуна өзгөчө учак келип конгон. Ал АКШнын Кыргызстандагы элчилигине бир нече коробкадан турган “Жашыруун” деген белгиси бар дипломатиялык жүктү алып келгендиги азыр гана белгилүү болуп, азыр гана коомчулукта бомба жарылгандай реакция жаратууда. Эмнегедир бул баалуу почтаны элчиден башка дипломатиялык корпустун баардык жооптуу жана коопсуздук кызматкерлери самолёттун ичинен өздөрү көтөрүп чыгышып, атайын даярдалган беш унаа менен элчиликтин имаратына ташып жеткиришкен. Билгендер ал салмагы 880 килограмм болгон 60 млн доллар акча болгондугун айтышууда. Биз бул жагдай боюнча Жогорку Кеңештин экс-депутаты жана алгачкы Акыйкатчысы, кыргыз коомчулугунда белгилүү саясатчы, 1990–1991-жылдардагы Баткен окуяларында Афганистандан кол салган жоочуларга туткунга түшкөн кыргыз армиясынын жоокерлерин бошотууда дипломатиялык милдетти ийгиликтүү аткарган жана башка коомдук ишмердүүлүктөрү менен да таанымал Турсунбай Бакир уулу менен маектештик.

— Турсунбай мырза, Сиз учурда депутат же жооптуу кызматтагы чиновник болбосоңуз да, өлкөбүздүн коомдук турмушуна жигердүү катышып келесиз. Ошондуктан өткөн жылы Американын Кыргызстандагы элчилигине келген сырдуу жүк тууралуу уксаңыз керек…

— Ооба, былтыр баардыгына белгилүү, Кыргызстанга жашыруун жүк келген. Аны эч ким текшергенге акысы жок. Анткени мыйзам боюнча дипломатиялык жүк текшерүүгө алынбайт. 60 миллион долларга чейин келди деген эсеп-кысап бар. Ошон үчүн беш машина ташыды аны Америка элчилигинен. Бул 60 миллион доллардын канчасы Кыргызстанда калып, канчасы кошуна өлкөлөргө кетерин бир эле ошол элчиликтегилер, анан бир Кудай билет. Анан биздин саясатчылар менен сүйлөшкөндүгү, Батышка, өздөрүнүн көз караштарына ылайыктуу депутаттар, баары каржыланат.

— Ошол суммасын айтканда оозуңа араң баткан жашыл акчалар кыргыз өкмөтүнө грант, инвестиция түрүндө келбегендиги белгилүү. Анда кандай максатта жана кимдерге берилди же берилүүдө деп ойлойсуз?

— Эми конкреттүү сөзгө өтсөк, мына, “Адилет” деген укуктук клиника бар, жетекчиси Чолпон Жакупова, депутаттык мандатын тапшырган. Азыр көп маселелер боюнча өзүнүн пикирин айтып жатат. Анын ичинде Атамбаев, Кой-Таш, митингдер боюнча айтып жатат. 2007-жылдан 2018-жылга чейин 215 млн 938 сом алыптыр, бир эле “Адилет” клиникасы. Мен бул маалыматтарды гезиттерден, интернеттерден таптым. Бул жерде каржылаган уюмдарды карап көрсөң, бир эле БУУ эмес, Даниянын чиркөөлөрүнүн жардамы турат. Биз мусулман өлкөсүбүз, Даниянын чиркөөлөрү эмнеге мындай жардамдарды берет? Ошол эле мезгилде бул жерде Улуу Британиянын, Франциянын уюмдары, Англиянын элчилиги, анан дагы бир диний уюм, протестанттык борбор деп коёт аны. Кайра эле биз мусулман өлкөбүз, эмне кылат булар биздин уюмдарга акча берип?

Эми жакшы максат менен колдонсо мейли. Бирок демөөрчүлөргө карап көрсөм, бул жерде албетте, шек санайт экенсиң. Бул бир эле “Адилет” боюнча.

— Кыргызстанда андай АКШ же Батыштан каржыланган башка да өкмөттүк уюмдар бар эмеспи…

— Туура айтасыз, мен тапкан маалыматтар боюнча, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коому дейт, муну Динара Ошурахунова башкарат. Ошол эле мезгилде азыр Чолпон Жакупованын алган акчасын айттык, 11 жылдагы. Эми ошол эле 2007-жылдан 2018-жылга чейинки азыр атаган “Демократия жана жарандык коом үчүн” деген Динара Ошурахунованын уюмун алсак, 341 млн сом, 219 миң сом алыптыр. Ал тургай Чолпон Жакупованын уюмуна караганда бул көбүрөөк миллион акча алыптыр. Менде ушул эле маалыматтар, 2019-жылкы сандар жок, аны кошсок, дегеле чачыбыз тик турат болуш керек. Бул сом менен алынган акчалары, эми доллар менен евро түрүндө алгандарын алып көрсөк, бир эле 2016-жылы “Демократия жана жарандык коом үчүн” уюму 800 миң доллар Америка Кошмо Штаттарынын акчасы менен алыптыр. Эми муну сомго айландырып көрүңүз. Жана мындан тышкары 40 миң евро алыптыр. Айтып атпаймынбы, бул эки эле уюмдун акчалары канча миллион болуп кетти.

Эми дагы бир бизге белгилүү укук коргоочуларды алып көрөлү. Ал алгач мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен соттошуп жүргөн жана кийин тил табышып алган “Кылым шамы” деген Азиза Абдрасулованын уюму. Мунун жети жылдык акчасын алып көрсөк, 2010-жылдан баштап, 2017-жылга чейин 345 миң доллар АКШ акчасы жана 311 миң евро. Анан бул жерде негизги акча берип жаткан уюм “Сорос — Кыргызстан” фонду. Анан жана ошол эле Гонконгдогу чыр-чатакка акча бөлүп жаткан Американын улуттук колдоо фонду, ал да 44 миң доллар бериптир. Мындан тышкары 2017-жылы 2 млн 90 миң сом ушул уюмга бериптир.

— Баса, бүгүнкү бийлик деле мурдагыларынан калышпай, ушул өкмөттүк эмес уюмдардын жетекчилерин мамлекеттик жетекчи кызматтарга дайындап жатат. Бул алардын ушунчалык эле иш билги, кесипкөйлүгүнөн уламбы же башка да себеби барбы?

— Эми жакында өкмөттүн кадр саясатына түшүнбөй калдым, Рита Карасартова тууралуу. Бүгүнкү күндө ал Кыргызстандагы кесипчилик окуу жайларын башкарып калды. Анын да өзүнүн уюму бар эле “Коомдук анализ институту” деген. Бул айым да 2007-жылдан баштап, 2018-жылга чейин 7 млн 81 миң сом алыптыр. Нак бейөкмөт уюм, чет өлкөдөн каржыланган, муну да чет элдик агент десек болот. Бирок ошону бүгүнкү күндө кесипчилик окуу жайлардын жетекчиси кылып койду. Андан мурда Эльвира Сариева дегенди билим берүү министри кылып койгон. Мен түшүнбөй жатам, бизде Советтер Союзунан калган мыкты билим берүү системасын талкалаганы коюп жатабы? Бири эч нерсе кылбай кетип калып жатса, экинчисин коюп жатат бул жакта. Эми кесипчилик билим берүү тармагын талкалайбыз деп жатышат.

Дагы бир белгилүү Төлөйкан Исмаилова бар, гейлерди Кыргызстанга алып келип, ар кандай бузуку кинолорду көрсөткөн “Бир дүйнө — Кыргызстан” деген. Мунун уюмун алып көрсөк, 2013–2016-жылдардын эле аралыгындагы үч жылда бул уюм 513 миң доллар алыптыр, бул жарым миллион доллардан ашык акча. Эми сомго көбөйтүп көргүлө. Мунун демөөрчүлөрүнүн арасында да Франциядан католик дининдеги уюмдарга жардам деген. Кыргызстанда католиктер бар, бирок аз эле. Пригородное совхозунда чиркөөсү бар. Ал да каржылайт экен, каржылаганда да бир эле ошол чиркөөгө деп 135 миң доллар бериптир. Бул акча католиктерге берилсе, миллионер болуп кетпейби. Эми бул бейөкмөт уюмдар жөнүндө. Жок, алар башка максатта берип жатышат…

— Биз билгенден АКШ жана анын карамагындагы каржы институттары өздөрүнүн идеологиясын ишке ашырган маалымат каражаттарына да колдоо көрсөтүп турары жашыруун эмеспи…

— Ансыз болбойт да. Ушундай ар бир алынган акча боюнча шек санасак болот. Баарынан эң кызыгы, силердин кесиптештериңерди колдогону. Мен таң калам, кыргыз гезиттер менен телевиденилерге боорум ачыйт. Себеби кыйын учурда иштешет, колдоо да жок же мамлекет колдобойт же чет өлкөдөн колдоо жок. Бирок ошонун ичинде Америка, Европа колдогон да ММКлар бар. Мисалы, Kloop. kg, бул медиа түз чет өлкөдөн каржыланат, колдогондор: Internews Network, Американын элчилиги, Human Rights Watch. Мындан тышкары булардын журналисттери тынымсыз Америкага каттап жүрүшөт. Америкага барыштын билети эле канча турат, андан тышкары мейманканасы, жол киреси, ичкен-жеген чыгымдары бар.

Next TV, булар да силердин кесиптешиңер. Муну билебиз, азыр абакта жаткан Равшан Жээнбековдун телевидениеси болуп эсептелет. Бул ошол Американын Демократияны колдоо институту, Интерньюс, “Сорос фонду” жана түз Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти тарабынан каржыланат. Мен мында бир аз эле өзүм чогулткан маалыматтарымды айттым. Кудай буйруп, эгер бул мыйзам Жогорку Кеңеште талкууланса, мени чакырса, депутаттарга кеңири маалымат айтып берет элем…

Даярдаган А. Белеков

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости