www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илгерки бир доорлордо Афганистанда Гхор деген жалаң сокурлар жашаган шаарча болгон экен. Күндөрдүн биринде ошол шаарчага көптөгөн жан-жөкөрлөрүнүн жана сан эсеби жок аскерлердин курчоосунда бир падыша кирип келет. Келгендердин баары шаарга батпай калгандыктан шаар чебинин сыртындагы чөлдө миңдеген чатырларды тигишет.

Падышанын аскерлеринин ичинде согуш учурунда душмандардын жүрөгүнө коркунуч салуу үчүн колдонулган үлкөн бир пил бар эле. Өмүрүндө пил жөнүндө укпаган шаардын сокур жарандары бул кандай жандык болду экен деп кызыгып калышат. Арасынан бир нечеси топтолуп, пил камалган сарайга киришет.

Мурун-кийин пил эмес, башка жандыкты да көрбөгөн сокурлар пилди чар тараптан куурчап, кармалай баштайт. Ар бири пилдин туш болгон жерин кармалап бүткөн соң, пил жөнүндө жетиштүү маалыматка ээ болдум деп ойлойт. Кайрадан шаарга келишсе, чыдамсыздык менен күтүп жаткан эл пилди сүрөттөп берүүсүн өтүнүшөт. Кандай формада экен, узун-туурасы канча, эмнеге окшош деп байма-бай суроо узатышат.

Пилдин кулагын кармап көргөн адам:

-Пил дегениң килем сымал кенен жайылган, каттуу болот экен. Бир тарабынан желпигичке да окшошуп кетет.

Муну угуп турган жана пилдин мурдун кармалаган сокур дароо башын чайкап:

-Жомогуңду токтотсоң боло, кайдагы килем? Мына мен силерге чыныгы маалыматты берем. Пил дегениң бир чоң жана ичи көңдөй түтүккө окшош болот экен.

-Жок, эй, пил деген бекем бир устун сымал,-деп пилдин бутун кармалаган адам кыйкырып чыгат.

Бул келесоолор пилдин бир гана жерин кармалап көргөндүгү үчүн жана көзүнө түшкөн парданын кесепетинен орунсуз талашканын билсе кана. Ар бири божомол гана менен чектелет, бирок акылы чыныгы абалдан кабарсыз. Бекеринен илим менен сокур ишеним сапарлаш эмес деп айтпаса керек.

Акыркы жүз жылдыкта адамзаттын көпчүлүгү, алардын ичинде мусулмандар да дал ушул шаарчанын жашоочулары сымал көздөрү көрүп турса да, бирок сокур ишеним менен жашап, көөдөнү көрбөй жатат. Айланасындагы болуп жаткан нерселер жөнүндө бүдөмүк бир ойлорду бири-бирине таратып, өзүн акылдуу сезген “сокурлар” көбөйдү.  Эң кооптуусу- дал ошол сокурлар көпчүлүк элдерди башкарып, акылы тунуктардын көзүн ойгонго шашат.

Мисалы учурдагы таажы илдети боюнча толгон токой божомолдор интернет айдынында аралап жүрөт: Билл Гейтстин жалпы адамзатка чип орнотуу планы, 5G-нын зыяндуу ультра толкундары, масондордун “алтын миллиард” долбоору, дүйнөлүк аренада АКШдан гегемония эстафетасынын Кытайга өтүүсү, дүйнөлүк өкмөттөрдү башкарган сырдуу күчтөр, мусулман өлкөлөрүн чөгөлөтүү, Дажжалдын келишин күткөн топтун аракети ж.б.у.с

Мунун баары негизи чоң бир дүйнөдөгү саясий пазлдын бөлүкчөлөрү жана биз “сокур ишеним” менен “кармалап” көргөн гана акыйкаттардын бир бөлүгү. Аң-сезим жана ыйман “көзүбүздү”, ички көөдөнүбүздү басып алган бул парданы түшүрбөсөк, бүткүл дүйнөлүк гегемондор сүртүп койгон чылпактан кутулмайын дагы көпкө ушундай жоромолдорду ватсап аркылуу бири-бирибизге таратып жүрө беребиз.

Саясий театрда мусулман коомчулугу сценарий жазып, режиссердой болуп оюнду коюп, башкы ролду да ойной албай жаткан учур. Биз бул саясий спектаклде жөн гана көрүүчү болуп калдык.

Жалпы элибизди өз тарыхын, динин, маданиятын, каада-салтын, үрп-адатын, нарк-насилин терең изилдөөгө чакырам. Таңдын алдында караңгылык эң коюу болоорун эскертип, Жараткандын бизге сүйүнчүлөгөн Жеңиши али алдыда экендигин эскертип кетмекчимин.

Сокур ишеним-түркөйлүккө каршы илим, ыйман, аракет, ынтымак, бекемдик менен жооп берчү күн келди!
Аракет бизден-жыйынтыгы Аллахтан, туугандар!

Нуриет Абдулазиз, NazarNews.org

Последние новости