www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облустук сотунун коллегиясы инисин өлтүргөн аялды 22 жылга эркинен ажыратуу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Өкүм үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде жарыяланган. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтында жазылды.
Адамдын аттары өзгөртүлүп берилди.
Окуя кыскача төмөндөгүдөй болуп өткөн. 1984-жылы туулган Айнура (ысымдар өзгөртүлдү) 2017-жылы 18-сентябрда болжол менен саат 23:00дө Жети-Өгүз районундагы иниси Кайрат жашаган айылга барган.
Ал Кайраттан каза болгон иниси Айбектин келинчегине үйдү жаздырууну талап кылган. Бирок Кайрат андан баш тарткандыктан, экөө уруша кетишкен. Айнура Кайратка геморройго каршы дары алып келгенин айтып, ага ийне сайган. Бирок Айнура инисине уктатуучу дарыны (димидрол) сайган болот. Кайрат уктагандан кийин Айнура аны колу-бутун скотч жана зым менен байлап салат. Ал уйкудан ойгондон кийин Айнура аны ургулап, үйдү келинине жаздырып берүүнү талап кылат. Бирок Кайрат ага макул болбогондуктан, Айнура аны үтүк менен башка-көзгө ургулап баштаган. Иниси уруп-сабоодон кутулуу максатында окуяны оюнан токуп чыгарып, ал каза болгон иниси Айбектин экинчи аялын кокусунан өлтүрүп, анын сөөгүн жашырган жерин көрсөтүүгө даяр экенин айтат. Андан кийин Айнура колу-буту байланган инисин унаага отургузуп, келининин сөөгү коюлган жерге жөнөшөт.
Алар айылдан чыгып, тоо тарапты көздөй барып, Көл-Кечүү көлмөсүнүн жанынан токтошот. Айнура инисин бошоткондо, Кайрат ага кол салып, экөө мушташа кетишкен. Кайрат качып кетүүгө аракет жасаганда Айнура бычакты ала калып, бычакты анын кекиртегине сайып, андан кийин денесине дагы сайган. Жабырлануучук улагандан кийин үстүн жууркан менен жаап, анын сөөгүн өрттөп салган.
Андан кийин Айнура Кайраттын унаасын Чолпон-Атага айдап барып, жолдошу Ырыскелди менен уулуна Кайрат үйдү берүүдөн баш тартып, үйдүн ордуна автоунаасын берди деп айткан. Алар унааны сатыш үчүн Бишкекке барышканда гана Айнуранын күйөөсү жана уулу Кайраттын өлтүрүлгөнү тууралуу билишет. Ошондо Айнура унааны “Бета-Сторестин” унаа токтотуучу жайына токтотуп, күйөөсү жана баласы менен Казакстанга чыгып кетишкен.
Сот залында соттолуучу Кайрат ага кол салгандыктан, коргонуу максатында өлтүргөнүн айткан. Ал соттон жазаны жеңилдетип, шарттуу түрдө кесүүнү суранган.
2018-жылдын ноябрь айында Жети-Өгүз райондук сотунун судьясы Айнураны 22 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кескен.
Соттолуучунун адвокаты райондук соттун өкүмүнө кассациялык даттануу берген. Ал тергөө органдары аялды ата-энелик укугунан ажыратып, баланы балдар үйүнө өткөрүп берем деп коркуткандыгын айтып, ишти кайра кароого жөнөтүүнү суранган. Ысык-Көл облустук сотунун сот коллегиясы иштин материалдарын карап чыгып, өкүмдү күчүндө калтырды.
Булак: NazarNews.org