www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын Соль-Илецк шаарынан Таласка барган 58 киши (экөө айдоочу) кечээ күндөн тарта дагы бир жума обсервацияда кармалмай болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Таластагы координатору Айжамал Шамбетова билдирди.
Анын айтымында, мындай чечим облустук штаб башка аймактарда Соль-Илецкиден келгендердин арасынан коронавирус чыгып жаткандыгына байланыштуу кооптонуп, кабыл алынган.
"Жарандар буга чейин Таластан беш күндүк карантинге алынганда ПЦР-тест тапшырышып, бардыгыныкы таза чыккан. Күн сайын Соль-Илецкиден келгендерден вирус аныкталып жатат. Ошондуктан алардан дагы бир жолу ПЦР-тест алынып, бир жумадан кийин үйлөрүнө жиберилет. Анын үстүнө тесттер менен бир-эки жолу текшергенде таза чыгып, кийинки анализде вирус аныкталган учурлар болуп жатат. Бул штабдын курамындагы эпидемиологдор менен биргеликте чечилди. Жаткандарды деле түшүнүп турабыз, бирок элдин саламаттыгы үчүн кооптонуу болуп жатат. Кечээ ишемби күнү кечке чейин жарандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, макул кылдырттык", — деди Шамбетова.
Ал ошондой айрымдар освервациянын шарты начар деп ЖМКларга даттангандардын сөзү чындыкка дал келбей турганын билдирди.
"Ачка жатабыз дегендери чын эмес. Үч маал ысык тамак берилет, шейшептери таптаза. Ар кимдин табити ар кандай, ага жараша биз тамак бере албайт экенбиз. Негизи сырттан тамак киргизбейбиз. Кечээ айт күнү туугандары сурангандан медиктер аркылуу киргизип бердик. Кир жууган машина да коюп бергенбиз. Ооба, балдардын чыдамы кетти, алар менен иштешкен бизге деле кыйын болууда. Айрымдары ички тартиптип сактабай, эшикке чыкканга аракет кылышат. Бирок түшүнүшүүгө болгон аракетибизди жумшап жатабыз", — деди министрликтин Таластагы өкүлү.
Эске сала кетсек, 18-майда Соль-Илецкиден алып келинип, "Манас" аэропортунун жанындагы Американын мурдагы "Ганси" авиабазасынын аймагында жайгашкан "Семетей" обсервациясында жаткандар чыр чыгарган. Республикалык штабдын алгоритмине ылайык, ал жактагы 432 адамдын 19у гана обсервацияда калып, калганы үй карантинине жиберилген.
Анын арасындагы 56 жаран жана аларды ташып барган эки айдоочу Таласка кирери менен беш күндүк карантинге алынган. Алардын айрымдары талаптарга баш ийбегендиктен күч менен обсервацияга алынган.
Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, азыркы тапта Талас облусунда коронавируска чалдыккандар жок.
Булак: NazarNews.kg