www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сологойлуктун артыкчылыктары...

Сологойлук айрым убактарда алсыздык катары көрүнүп келгени менен, сологой адамдардын көп жактан жөндөмдүү экени да айтылып жүрөт. Кайсынысы туура деп ойлойсуз? Сологойлук артыкчылыкпы же кемчиликпи? Чогуу байкап көрөлү...

Сологойлук узун жылдар бою дарылоого мүмкүн болгон оору сыяктуу көрүлүп келди. Ошентсе да, окумуштуулардын көз карашы боюнча анчалык жаман нерсе эмес. АКШнын президенттеринен тартып бир канча чемпион, спортчулардын орток өзгөчөлүгү дал ушул сологойлук.

Германиянын Олденбург университетинде жасалган изилдөөдө стол тенниси жана крикет сыяктуу оюндарда топтун атаандаштан сизге жеткенге чейинки убакыт аралыгы, б.а. убакытты контролдоо маанилүү болгон спорт түрлөрүндө сологой профессионалдардын көбүрөөк экени аныкталган. Эгер сиз дагы сологой болсоңуз, бирок спортко болгон кызыгууңуз жок болсо, кам санабаңыз. Англисче Daily Telegraph газетасы сологойлуктун түрдүү жакшы жактарын тизмелеп чыккан.

Сол кол менен мээнин оң тарабынын ортосундагы байланыш

Изилдөөгө ылайык крикет оюнунда эң жакшы топ ыргытуучулардын бештен бири, бейсболчулардын үчтөн бири сол колун колдонот. Изилдөөчү топтогу Флориан Лоффинг буга байланыштуу мындай дейт: "Оң колун колдонгондор, каршы тараптын дагы оң кол менен иштегенине көнүп калган үчүн сологойлор менен ойногондо кыйналышы мүмкүн".

Сологойлор лидер болушат

Барак Обама, Роналд Риган, Билл Клинтон сыяктуу АКШнын экс президенттери, андан сырткары көптөгөн белгилүү адамдардын  көбү сологойлор. Бул кокустукпу же? Балким...

Математика, саясат сыяктуу мээге байланышкан тармактарда дагы сологойлордун үстөмдүк кылаары айтылып келет. Бир теорияга ылайык, сологойлордун мээнин оң жагын көбүрөөк колдонгонунун жөнү бар. Дагы бир теорияда болсо, сологойлордун кичинесинен тартып оң колдуу адамдар көп дүйнөдө жашап кетүү үчүн майда чечимдерди кабыл алып баштоолору жөнүндө айтылат. Кандай гана себептер болбосун, Нобель сыйлыгын алгандардын тизмесиндеги сологойлордун санына көңүл бурбай коюуга болбойт.

Компьютердик оюндар жана play-station’дин чемпиондору

Австралиядагы университетте жасалган изилдөөдө сологойлордун видео-оюндарда күчтүү экени далилденген. Оң колдууларга караганда сологойлор көп маалыматты сактап, бат кыймылдаганга жөндөмдүү болушат.

Сологой моделдердин “catwalk” жөндөмү

Бардык белгилүү моделдер белгилегендей, эгер подиумда catwalk (мышык сымал басуу) ыкмасын колдонууда солго карай табигый түрдө бурула алсаң, жеңиш сенин тарабыңда. Бул ыкма сологойлор үчүн эч кандай деле кыйынчылык туудурбайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости