www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы орто кесиптик билим берген окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында техникалык билим алгандар иш менен көбүрөөк камсыз болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

2016-жылдан тартып жаштарга кесиптик багыт берүү системасын өнүктүрүү концепциясы ырааттуу иштеп жатат. Маалыматта жыл сайын орто кесиптик окуу жайларына 25-30 миң студент кабыл алынары айтылат. Орто кесиптик билим берүү системасында ишке орношуунун пайызын жогорулатуу үчүн бүтүрүүчүлөргө байкоо жүргүзүү методологиясы ишке киргизилген.

"Бүтүрүүчүлөрдү сурамжылоо учурунда мындай окуу жайларды бүтүрүп чыккан улан-кыздардын 40-70 пайызы иш менен камсыз болгону билинди. Өзгөчө тамак-аш жана жеңил өнөр жай технологиялары жаатындагы, ошондой эле инженердик-техникалык жана курулуш профилиндеги адистер жумушсуз калган жок", - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости