www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Кубатбек Боронов санариптештирүү боюнча быйылкы жылдын I жарым жылдыгында аткарылган иштерди талкуулаган кеңешмеде жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тиешелүү тапшырмаларды койду. Муну менен катар "Санарип аймак" системасын жылдын аягына чейин толугу менен жүзөгө ашырууну тапшырды. 

Мектеп окуучуларынын пандемияга байланыштуу аралыктан окуусун эске алганда аймактарда интернеттин жеткиликтүүлүгүнө жана сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилеген өкмөт башчысы: "Окуу жылы башталганда айылдарда интернет жок деген маселе жаралбашы керек. Бул боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар ишти күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүсү абзел. Мектептерди сапаттуу, жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздоо боюнча иштер күчөтүлсүн. Ал эми саламаттык сактоо тутумунда санариптештирүү боюнча бир катар алгылыктуу иштер жасалды. Ошентсе да аймактардагы медициналык мекемелерге кеңири масштабдагы маалыматтык технологияларды киргизүүнү аягына чыгаруу зарыл", - деди. 

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча 2292 мектептин 99 пайызы интернетке туташтырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости