www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарындагы айрым чектөөлөр алынды

Жалал-Абад шаарында бүгүн коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу шаардык штабдын жыйыны өттү. Анда буга чейин киргизилген бир катар чектөөлөр токтотулду.

Кабыл алынган чечимдерге ылайык, 28-августтан тарта калаадагы мечиттерде жума намазын окууга уруксат берилди. Бирок санитардык талаптарды так сактоо зарыл. Ар бир жаран сырттан даарат алып, жайнамазын көтөрө келиши керек. Мечиттерге беткапсыз киргизилбейт, 1,5 метр аралык сакталууга тийиш.

Андан тышкары автобустар 1-сентябрдан тарта ишин улантат. Бул чечим жаңы окуу жылынын башталышында мектептерге биринчи класстын окуучуларын ташуу үчүн чыгарылды. Ал эми кичи автобустар ишемби, жекшемби күндөрү да каттамга чыгышат.

Курманбек стадиону келаткан дүйшөмбү күндөн иштей баштайт. Ага чейин залалсыздандыруу жүргүзүлөт. Белгилей кетсек, учурда Жалал-Абад шаарында бардык стационарлар жабылды. Жалпы 3 күндүзгү, 1 түнкү стационар бейтаптарды кабыл алып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости