www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбору Англиянын борбор шаары Лондондогу эл аралык балдарга жардам уюму Save the Children Сомалиде 18 аймактын тогузунда кыз жана эркек балдардын чукул түрдө жардамга муктаж экендигин баса белгиледи.

Уюм эл аралык коомчулукту Сомалиге жардам берүүгө чакырды. Уюмдун Сомали директору Хасан Ноор Саади берген маалыматында жетерсиз азыктанган балдардын санындагы артуунун тынчсыздантуучу экендигин айтты. Ноор Сади өлкөдөгү жамгыр жаашынын иретсиз болгондугун эске салып, дыйканчылык түшүмүнүн азырынча коопсуздук астына алына албагандыгын жана ушул себептен үй  - бүлөлөрдүн балдарын багуу үчүн  аз мүмкүнчүлүктөрүнүн бар экендигин баса белгиледи.

Саади Сомалиге  ачкачылык менен күрөшүү үчүн чукул түрдө 1 миллиард 500 миллион АКШ доллары керек экендигин, ушул күнгө чейин 500 миллион доллар жардам убадасынын берилгендигин белгиледи.

Жылдын биринчи жарымында бир миллион балага жардам берилгендигин айткан Саади жардам берилбесе колдорундагы акчанын кыска убакытта түгөнөрүн айтты.

Англис өкмөтүнүн кошумча катары 75 миллион доллар берүүгө даяр экендигин айткан Саади : «Башка кредитор өлкөлөргө мунун үлгү болушун жана жардам берүүлөрүн суранабыз»,- деди.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости