www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Турсунбай аттанды

Экс-депутат же экс-Омбудсмен катары эмес, дин маселесин көтөргөнү жана көп аял алганы боюнча элдин назарына илинген Турсунбай Бакир уулу да теминип, күздө өтчү президенттик шайлоодо ат салышарын ачыкка чыгарды. Былтыр “ЭрК” партиясынын 25 жылдык маарекесине арналган курултайда президенттикке талапкер көрсөтүү маселесин карап, Турсунбай Бакир уулун сунуштаган.

Маалымат боюнча партияда 25 миңдей мүчө бар. Бирок, Бакир уулу негизинен динге берилген жарандарга таянары айтылып келет. Учурда алардын саны бир топ деңгөөлде калдайып калды. Эгер Чубак ажы чыкпаса, ошол добуштар бүт бойдон Турсунбайга чегерилиши ыктымал. Анда эле бул эргулдун шыйрагына эч ким караандабай калышы мүмкүн. Кудай эле сактасын, светтик өлкөбүзгө чекит коюлуп, кара жамынып калбасак экен.

Булак: "Мантыш"

Последние новости