www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Сонунбүбү Кадырованы кепке тартып, премьер-министрлердин айланасындагы маселелер боюнча пикир алыштык. 

--Сонунбүбү эже, Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетип, премьер-министрлик кызматка  Кубатбек Боронов келди. Ал мурунку премьерден кыйын иштейт деп үмүт артсак болобу?

--Кеп ким кетип, ким кызматка келгенинде эмес. Ким болсо да басырыктай баскан системаны бир аз болсо да сергитип, өзүнүн алдына план-программаларды коюп, ыбырсыган министрлерден арылып, күчтүү команда менен иш баштоосу керек эле. Мындай чечкиндүү кадамды азыркы өкмөттүн курамындагы бирөө да жасай албайт. Баягы эле эшек араба менен кылдырап, ошого каниет кылып отура беришет. Ал эми азыркы кырдаал андай ылымылык окуяларды сүйбөй турат.

--Мухаммедкалый Абылгазиевди жылуу жумшак эле узатып коюшабы же темир жолдогу жана жыштык чырындагы коррупция үчүн кылмыш ишин козгошобу?

--Менимче, жылуу-жумшак эле узатып койсо керек. Кылмыш ишин козгобойт го. Кылмыш ишин козгошсо, көп нерсе ачыкка чыгып кетиши мүмкүн. Бирок кандай болгон күндө да элдин көксөөсүн кандырып, жеген чиновниктердин  баарын  жоопко тартыш керек.

--Мухаммедкалый Абылгазиевдин эки жылдан ашык эмгегин, бир да жолу президентке өйдө карап каяша кайрыбаганын эске алып, шайлоодо бийликтин партиясынан депутат кылышы мүмкүнбү?

--Балким, жооптуу кызматтан депутат болуш үчүн да кеткен чыгар. Бул фигура жөн эле саясаттан кете койбойт. Анткени, эки бийлик менен тең иштешип калган адам катары көп сырды билет. Колунда коркунучтуу бомба болушу да мүмкүн. Ошондуктан азыркы жана мурунку бийлик мышыгын "пыш" дей албайт. Жаңы бийлик келсе баарынын абийири айрандай төгүлүшү мүмкүн. Ошон үчүн болгон күчү менен бийликти колдон чыгарбоого тырмышып жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости