www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сонунбүбү Кадырова: «Акылбек Жапаровго колдоо көрсөтөлү»

Акылбек мырза айрым адамдардай элине кечирилгис кыянаттык деле кылган эмес, чындыгында. Мындай пикирин акын, журналист Сонунбүбү Кадырова билдирди.

«Кыргыз - сөз сыйлаган, бир сөз үчүн аттан түшкөн эл. Сөз - кудай. Муну биздин бабалар башынан эле билген. Ошондуктан, сөз билбегенди катарга кошкон эмес. Ишти иритет деп. Мен акыркы учурлардагы окуялардан Акылбек Жапаровдун кыргыздын нарктуу жигитинин сөөлөтүн өзүнө калыптандырып келе жатканын байкадым. Ушул кезге чейинки эл башчылары бул азаматтын акылын пайдалана албай, өздөрүнүн майда иштери менен алаксытып келген экен деген жыйынтыкка келдим.

Бул жагынан Садыр Нургожоевичтин көрөгөчтүгүнө баа берсе болот. Аскар Акаевге жооп бере алган жок деп, дагы деле ой токтото албай, сөзгө маани бербей жатабыз. Акылбек мырза түшүнгөн адамга өтө катуу жооп бериптир. «Мен улуу кишиге эч нерсе дей албайм. Аскар Акаевичтин айтканынан ошол кезде мен президент болгондой сезип кеттим өзүмдү» дегендей мааниде жооп бергени, биринчиден улууну сыйлаган кыргыз наркы, экинчиден ошол айтылгандын баары сиздин колдон өткөн. Баарына сиз күнөөлүсүз дегени.

Сөзсүз эле ата-жотосун калтырбай сөгүп, көбүрүп-жабырып калыш керекпи. Кыргыздын кыска жана нуска сүйлөгөн касиетин көргөзүптүр. Ушул кырдаалда, ушул шартта Акылбек Жапаров кыргызга чоң эмгек жасап, өз билимин, тажрыйбасын бир көрсөтүп, элиме агынан жарыла кызмат кылып берейин деп бел байлап турган азаматты көрүп турам.

Жакшыны жакшы дейли. Өткөн өттү, кеткен кетти. Акылбек мырза айрым адамдардай элине кечирилгис кыянаттык деле кылган эмес, чындыгында. Болгону система байлап-тушап келген», - деп белгиледи Кадырова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости