www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ооганстанга жан тартып алардын бутуна оролошконду коё туруш керек", - деди бүгүн, 23-августта NazarNews маалымат агенттигине акын жана журналист Сонунбүбү Кадырова.

- Сонунбүбү эже, Ооганстандын 500 студентине виза түрүндө жардам берели, 1200 качкынды кабыл алганга даярбыз деп расмий бийлик билдирди. Бул аракетибиздин кесепети тийип калбайбы?

- Ооганстанда бийликти алдык деген Талибан кыймылы канча жылдан бери согуш талаасында тажрыйба топтогон, кан көрүп калган немелер. Булардан алыс эле болгон жакшы негизи. Жетимге көк жөтөлдүн кереги эмне дегендей булар кыргызга кайнаса каны кошулбаган, адамды чымынчалык көрбөгөн сабатсыз немелер. Ошондуктан Ооганстанга жан тартып алардын бутуна оролошконду коё туруш керек. Бирдемени биринчи баштап жиберген жагыбыз бар негизи. Бул жолу койо туруш керек го.

Башка өзбек, казактардын башы жетпей жатат дейсиңби. Же, биз алардан боорукер болуп көрүнгүбүз келип жатабы. Боор ооругандын да чеги болот. Билмексен боло турганыбыз оң. Бир, эки жумада толук жайгашып бүтүшөт деп ойлойм. Анан алардын иши кай багытка жылып жатканын карап туралы. Ошого жараша анан биз да иш жүргүзсөк болот. Ооганстан деле жөн мамлекет эмес. Жыйырма жылдан ашык кармашты. Балким убактылуу чегингендир. Президенти да качып кеткен жагында жөн жатпайт. Ошондуктан бирөөгө боор ооруганды коюп ок-дарыбызды даярдап, чек арабызды бекемдешибиз зарыл.

Биз акылыбызга келип, кур дүрмөттү токтотуп, согуштук позициябызды бекемдейли. Жаман айтпай жакшы жок эгер жамандык жагына ооп кетсе, бизге албетте кесепети тиет. Алып кирбесек деле кире башташат качкындар. Ошолорду өткөрбөш керек. Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети дейт. Булардын кесепети жугат. Керек болсо чымчыкты да өткөрбөй сак болгонубуз оң.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости