www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Талибан"* кыймылы Афганистандын президенти Ашраф Гани менен вице-президент Амрула Салехке мунапыс жарыялап, алардын мекенине келишине уруксат берди. Бул туурасында РИА Новости талибдердин лидерлеринин бири Халил ур Рахман Хаккани пакистандык Geo TV телеканалына таянып кабарлады.

"Биз Ашраф Гани, Амрулла Салех жана Хамдулла Мохибди (Афганистан президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси) кечиребиз. Биздин тарап генералдан тарта (бизге каршы согушкан) жөнөкөй кишилерге чейин ырайым кылат", — деген Хаккани.

Согушкерлердин лидерлеринин бири талибдер менен бул үч кишинин ортосундагы каршылык динден улам келип чыкканын кошумчалаган.

Афганистандагы абал акыркы апталарда, тагыраагы, талибдер өлкөдөгү ири шаарларды басып ала баштаганда кыйындады. ЖМКлар менен маалымат булактары 15-августта козголоңчулар чек арага жер менен өткөн аймактарга көзөмөл орноткондугун кабарлады. Бир аз өтпөй ошол эле күнү согушкерлер Кабулга киришкендигин жана президенттик сарайды алгандыгын жар салды.

Афганистандын президенти Ашраф Гани "кандуу булоондун алдын алыш үчүн" өлкөдөн чыгып кеткендигин билдирген. Ал эми 16-августка караган түнү "Талибандын"* саясий кеңсесинин өкүлү Мухаммед Наим Афганистандагы согуш аяктагандыгын жар салды.

Гани өлкөдөн качкандан үч күн өткөн соң Бириккен Араб Эмирлигинен видео кайрылуу жасап, жакынкы күндөрү мекенине кайрылып келерин айткан. Вице-президент Амрулла Салех Баш мыйзам боюнча мамлекеттин башчысы болуп каларын билдирип, талибдерге курал менен каршы чыгууга чакырык жасады.

"Талибан"* - Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости