www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Сонунбүбү Кадырова менен айрым жагдайлар боюнча ой бөлүштүк.

--Илдет күчөп борбор калаада эрежелер күчүнө кирди. Жер-жерлерде кирген карантин илдетти токтото алабы?

--Болору болду. Кандай болгон күндө да илдет контролдон чыкты. Илдетке кабылгандардын көбүнөн убактылуу дарылоо жайлары ачылды. Дарылоо жайларынгда эл азайды делгени менен илдетке кабылгандардын саны азайган жок. Оор абалга кептелгендердин көпчүлүгү бул дүйнө менен кош айтышууда. Жарандык көзөмөлдү күчөтпөсөк, абал мындан да курчуп кетиши мүмкүн... Таптакыр карантин кылсак, эл ачкадан өлгөндүн үстүнө көмгөн болот. Кичине эрежелерди сактап иштешине мүмкүнчүлүк берилиши керек.

--Башкы штаб коронавурустун экинчи толкунуна даярдык жакшы экенин айтты эле. Жабыркагандар көбөйгөндө даярдыктан дайын жок го?

--Айта берет экен. Булардын сөзү менен иши айкалышканын көрүш кыйын болуп калды. Эртең кантип жооп берем деп деле ойлонбойт экен.  Штаб айткандай даярдык күчүндө болсо кырдаал көзөмөлдөн чыкпайт эле да.

--Кырдаал  татаалдашып бараткан  мезгилде депутаттардын эс алууга кеткени туура эле болдубу?

--Депутаттар шайлоого ашыгып жатышат. Кара эчкиге жан кайгы, касапчыга мал кайгы.  Негизи шайлоону токтото турса деле болмок. Эл өкүлдөрү эл менен болуп, элдин талабын айтып турушу керек эле. Эми алар айтпаса эл өзү көчөгө чыгып айта баштайт. Демек, иш үчүн жан күйгүзүп, эл деп ойлонгон эч ким жок.

--Боронов айткандай партиялар шайлоого деген каражатын илдет менен күрөшүүгө салса, эл партиялардын жакшылыгын унутпай шайлоодо колдоп береби?

--Бороновдун айтканын уктум. Азыр элге чачкыла, анан эл ошонуңарды эске алып шайлайт деген мааниде айтты. Бул эми ачык эле элди сатып алгыла деген жардамга келген акча сарамжалдуу пайдаланылбай жатат. Ошолорду эле жакшылап системага салып койсо эч кимге көз каранды болушмак эмес. Ошондой эле элден келген жардамды бир жерге топтоп, элдик көзөмөлдөө топ түзүп координациялаш керек болчу. Азыр баары чар жайыт болуп жатат. Андан сырткары менчик аптекаларды жаап, мамлекеттик дары сактоочу кампа уюштуруп, ошол жерден гана көзөмөлдөп, өзү билип дары саткандарды жоопко тартыш керек эле. Болбосо элдин жонунан кайыш тилип дарыны да өтө кымбат сатып жатышат.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости