www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Түркмөнстандагы коронавирус инфекциясын изилдөө үчүн келген беш өкүлү борбор шаар Ашхабаддагы "Йылдыз" мейманканасындагы бассейнде отурган сүрөтү социалдык тармактарга тараган. Бул сүрөт кызуу талкуу жаратып жатканын аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү да, уюм өзү дагы бул сүрөт боюнча эч кандай түшүндүрмө бере элек. ДССУнун өкүлдөрү борбор шаарга келгенге чейин бир нече күн Түркмөнабадда иштешкен.

Эске сала кетсек, ДССУнун 5 өкүлү Түркмөнстанда коронавирус каттала электигине байланыштуу атайын изилдөөгө келишкен. Он күндүк иш сапардын алкагында, алар бир катар медициналык уюмдарга, коомдук ден соолук борборлоруна, лабораторияларга, республикалык, облустук жана шаардык деңгээлдеги башка мекемелерге жана өлкөгө кирген чек ара пункттарына барары пландалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости