www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда эки тараптуу пневмониядан улам эки тергөөчү каза болду. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык тергөөнүн ага тергөөчүсү Эрмек Төрөкулов 50 жашында, жана Башкы прокуратуранын ыкчам-издөө иш-аракеттерин көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору Рустам Кожобеков 48 жашында дүйнө салган.

«Каза болгон эки кызматкер өз кесиптерин мыкты билген кесипкөй инсандар болчу. Эрмек Төрөкулов — 1996-жылдан тартып тергөө органында эмгектенип келди, ал эми Рустам Кожобеков — 2005-жылдан тартып иштеп баштаган. Алар бир нече жолу мекеменин сыйлыктарына татып келишкен. Башкы прокуратура алардын жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат», — деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости