www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
12-июлда «Аэрофлот» россиялык авиакомпаниясынын чартердик каттамы аркылуу Кыргызстанга 45 ыктыярдуу дарыгер Москвадан учуп келди. Алар коронавирус жана пневмония илдеттерине каршы күрөшүп жаткан саламаттыкты сактоо мекемелерине жардам берүүгө аттанышкан. Бирок аларды «Манас» эл аралык аэропортунан эч ким тосуп алган эмес.
Буга чейин Шахмат федерациясынын вице-президенти Жаныбек Асанбеков, ыктыярдуу дарыгерлерди вице-премьер Акрам Мадумаров жана Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов тосуп алышы керек болчу деп маалымдаган.
Депутат Жанар Акаев бул окуяга төмөнкүдөй түшүндүрмө берди:
"Москвадан келген врачтарга алкыш! Ал эми өкмөттүн шалаакылыгы абдан чоң зыян алып келүүдө! Иштеш керек, же иштегендерге жолтоо болбош керек! Азыр териштирип отурууга убакыт жок, бирок кетирген кемчиликтер үчүн сөзсүз жоопкерчилик тартышат", - деп жазган ал.
Депутат Алтынбек Сулайманов алардын келери жөнүндө билбегенин айтты:
"Урматтуу мекендештер, бул маалыматты мен азыр көрүп жатам, мага эч бир жан кайрылган эмес. Эгерде мен врачтардын келерин билсем, өткөндө келген дарыгерлердей эле жакшылап тосуп алып, жайгаштырмакмын. Бул көрүнүш элчилик менен Өкмөттүн катардагы, дагы бир шалаакылыгы!", - деп маалымдады Сулайманов.
Ал эми Өкмөттүн аппаратынын айтымында, дарыгерлери тосуп алуу иштерине Саламаттыкты сактоо министрлиги жооптуу. Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров аларды аэропорттон тосуп алууга милдеттендирилген эмес.
Аткаминерлер кошумчалагандай, Саламаттыкты сактоо министрлиги маанилүү себептер менен Кыргызстанга келген ыктыярдуу дарыгерлерди тосуп ала алган эмес. Учурда ал маанилүү себептер тууралуу так маалымат жок.
Булак: NazarNews.kg