www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги ырчы, журналист, акын Сонунбүбү Кадырованы кепке тартып, коомчулуктун көңүл борборундагы айрым жагдайлар боюнча ой бөлүштүк.

--Сонунбүбү эже, “Чоң казатчылардын” билдирүүсүнөн кийин Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүн финполиция иликтөөгө алып, үйүн тинтти. Эсепсиз байлыгы коомчулукка айтылып кеткенден кийин аныгын билүү үчүн финансылык полициянын жасаган аракет туура эле болдубу?

--Финполиция тинтүүгө алып, мүлкүн иликтегени туура эле. Бирок, ушуга чейин унчукпай отуруп эле Сыймык Жапыкеев айтканда иликтеп калганы кызык болуп калды. Мындай маалыматты мурунтан өздөрү таап, иликтеп чыгыш  керек эле да. Сооронбай Шарипович аларга коррупционерлерди таап жазалагыла деп жакшы мүмкүнчүлүк берип жатат. Булар болсо Сыймыкка окшогондор айтып чыкмайын өз алдынча аракет кылбай отурушат. Кыскасы, финполициянын Жумалиевдей мыйзамсыз байыган адамдарды изилдеп, тапканын казынага кайтарабыз деген изги ойлору болсо, Жапыкеевдин оозун карабай  андан ары өздөрү улантышы керек. Эгер мыйзамсыз байыгандарды иликтөө Кубанычбек Жумалиев менен токтоп калса, анда Жумалиевди изилдөөнүн кереги жок. Жайына коюшу керек.

--“Чоң казатчылардын” суракка чакырылганы жоопкерчиликти сездирүүбү же мындан ары жөн жүр деп тизгинин тарттыруубу?

--Болгону булардын колундагы документтин тууралыгын аныктап, коррупционерлердин бетин ачууда бул жигиттердин демин пайдаланыш керек. Бирок, мен буларды чакырып сураганынан жамандык күткөн жокмун. Маалыматтын канчалык тууралыгын тактап жатышса керек.

--Коомчулукта Канттагы авиа базаны бекер берүү маселеси талкууланып, түрдүү пикир айтылып жатат. Аларга  авиа база турган жерди  бекер берип, аренда албашыбыз керекпи?

--Өлкөдөгү бир таш да бекер кетпеши керек. Газды орустардын газпромуна бекер берди. Эми авиа база жайгашкан жерди да бекер бергидей булар кудайдын оозунан түшүптүрбү! 

--Неге орустардын чек ара маселесин чечкенге жардам берели деген сунушу колдоо тапкан жок?

--Анткени, мурунтан чечилип калган олуттуу маселе бар. Баасы бычып, жеп алышса керек да. Ошол билинип калат деп кооптонуп жатышса керек. Арты булганыч болсо анан баш тартпаганда эмне кылышмак эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости