www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кылмышкерлердин арасында бай жана өтө бай адамдар көп. Алар декларация тапшырышабы? Бул маселеге 9-июндагы Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Зарылбек Рысалиев кызыкты. Ал мындай суроону вице-премьер-министр Эркин Асрандиевден сурап, жооп алды.

Ал: “Биздин Кыргызстанда “преступный мир” деген бар, кылмышкерлер. Кылмышкерлер арасында өтө бай адамдардын катарына кирчүлөрү көп. Алар декларация тапшырышабы? Эмне үчүн аларды декларация тапшыргандардын арасына киргизген эмессиңер”, – деп Асрандиевден сурады.

Вице-премьер-министр: “Бул мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге гана тийиштүү. Ошолордун декларациясы тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз”, – деген жообуна ал кайрадан “эми буларды кантип текшерсеңер болот? Мисал үчүн, лидерлерин билебиз. Чолпон-Атадагы тамдарынын чатыры ушул жерден көрүнөт. Алар күндөн күнгө байып атат. Аларды кантип текшеребиз? Алар декларация толтурабы?", – деп бурчка такады.

Вице-премьер-министр алар декларация толтурбай турганын, алардын үстүнөн ИИМ жана башка укук коргоо органдары иш алып барышы керектигин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости