www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Протоколдун негизинде эки тараптын жарандарына эч кандай тоскоолдук түзүлбөсүн деген чечим кабыл алынды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында КР УКМКнын Чек ара кызматынын чек араны коргоо башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Руслан Сооронбаев билдирди.

“Тактап айтсак, биздин жарандар Тамдык аймагындагы жайлоого өтүшү үчүн Ворух анклавы аркылуу, ал эми тажикстандыктар Ак-Сай аймагы аркылуу Ворухка өтө алат. Ходжайло – Ак-Сай унаа жолунда тартипти сактоо үчүн тийиштүү тараптарга тапшырма берилди. Эки тараптан тең экиден ашык эмес тийиштүү адамдар жумуш алып барышы керек”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 25-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын делегациясынын жолугушуусунда протоколго кол коюлган. Ага ылайык, "Тамдык" заставасынын (КР) жана "Бедак" заставасынын (ТР), "Булак-Башы" постунун (КР) жана "Кех" постунун (ТР), "Катта-Туз" постунун (КР) жана "Каракчикум" постунун (ТР), Чайхан жериндеги "Ак-Сай" постунун (КР) жана Ходжай-Аъло жеринде "Шаршара" посту (РТ) кыргыз-тажик чек ара маселеси толук чечилгенге чейин убактылуу жабылган.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын кайтаруу мобилдик чек ара күзөттөрү тарабынан ишке ашырылат, алар чек араны так белгиленген жана макулдашылган каттамдар боюнча жүрүшөт.

Ошондой эле бул аймактарда калктын жайгашуусуна уруксат берилбейт жана чарбалык иш жүргүзүлбөйт. Керектүү жерлерде видеобайкоо камералары орнотулат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости