www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баарыбызга маалым болгондой Соцдемчилер президенттик жарышка чыгара турган бирдиктүү талапкерин шашылбай тандап, бир нече ай бою элге кадыры сиңген белдүү саясатчыларын электен өткөрдү.
Бул эң туура технология экенин айта кеткенибиз оң, чоң партиялардагы тандоо так ушундай тартипте жүрүшү керек. Сокойгон жалгыз лидерди айга, күнгө теңеп артынан ээрчип, бир гана лөктү төбөгө көтөргөн илдеттен акыры түбү четтешибиз зарыл. Партия болгон соң ондогон кыз-жигиттерди өстүрүп, арасынан мыктысын чыгарып турушу шарт.
Бул жаатта КСДП бүткүл өлкөгө үлгү болуучу эң мыкты ишти алып барууда. Сөздүн оролуна келсек, тыкыр иликтөөнүн жыйынтыгы менен жакында премьер-министр Сооронбай Жээнбековду эл алдына чыгарып, жарышка аттандырды. Бөйрөктөн шыйрап чыгарып, кылдан кыйкым издеп көнгөндөр Сокенин кемчилигин табалбай, жооштугун, момундугун айтып чыгышты эле өкмөттүк жыйында чечкиндүү үн катып, дымагын көрсөтүп, бир чиновникти кууп чыкты. Эми оппозиция терисин жамынгандар кайсы кынтыгын издээр экен?
Булак: "Де-Факто"