www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясат мандем же Ташиев тандеми

Сен саясат менен аралашпасаң, саясат сени менен аралашат демекчи, кыргыз саясатында “Чыңгызхан” атка конгон Камчыбек Ташиев аттуу экс-депутат бар. Камчыбек Ташиев саясатка аралашканы канчалаган саясатчылар менен баш кошуп, кол кармашып түтүн булатканы аракет кылды, бирок оту жанбады. Же саясаттан жолу жокпу ким билсин, айтор, кол кармашып баш кошкон тандеми жыл айланбай аутка кетип, өзү “за бортом” калып калчу болду. Эске сала кетсек, тээ илгери качкын президент Бакиев менен Кулов тандем түздү эле.

Андан кийинки тандемди 2011-жылы Ташиев менен Текебаев түзүп, Ташиевдин азыркы тандемдеши Ахматбек Келдибековду спикерликтен Текебаев ыргыта сүзүп алып түшүштү эле. Андан көп өтпөй эле жогоруда “Чыңгызхан” деп белгилегендей Ак үйдүн кашаасынан аттай коем деп аласын айрып, темир тор артына топ деп түшүп калды. Ойлонбой жасаган ойрон ишинин артынан тиешелүү жаза мөөнөтүн өтөп чыгып, бир кездери “түрктүн жээни” деп атап, элдешкис душманга айланган Бабанов менен баш кошууга бел байлады. Баш кошушуп ашуудан кол кармашып, аппак карга бири-бирин эзгилешип жакшы эле бүлө сыяктуу элес калтырды эле, көрсө биз жаңылыппыз, жыл айланбай сагызгандан сак, түлкүдөн куу Бабановдон талак алып, ээн талаага талп эле дей түшкөндөй көчөдө калды.

Кайран Камчыкең мында да жөн жата албай, алыскы Американы да бир айланып келгенге жетишти. АКШдан анча-мынча акыл топтоп келгенби, айтор, белгилүү орустардын “тройкасын” элестеткен тиро түзүп, тилинен чаң чыккан, буга чейин белгилүү олигарх Салымбеков менен баш кошуп, парламенттик шайлоодо ала салып кетип, коюлган барьерден өтө албай олигарх менен ажырашып тынган Мадумаровду, коррупцияга шектелип, кызмат абалынан кыянаттык кылып мамлекетке айып пул төлөп, аты- жыты чыкпай, шайлоо алдында ийинден чыккан суурдай кылт этип чыга калган Келдибковду кошуп жаңы дем, жаңы күч менен чыккандай болду эле. Айрымдары көрөгөчтүк кылып, ажо шайлоонун алдында ыркы кетип ыдырашат дешти эле, ошол чын чыкты. Келдибеков туулуп-өскөн Алайга барып, аны Камчыкең коштоп алып калың элдин батасын алып, аламанга аттанаарын жар салды. Бирок негедир үчүнчү звено Мадумаров көрүнбөйт. Ошондо үчилтик тандеми талкаланып, Ташиев Мадумаровду талаага таштап кетти десек жарашат…

 Булак: Фабула

Последние новости