www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Дильназ, сиздин сахнада жүргөнүңүзгө он жети жылдын жүзү болуп калыптыр. Бирок, буга чейин сиздин ырларыңызды угуп, клиптериңизди көргөнүбүз менен жеке концертиңизди бергениңизди көрө элекпиз. Эмнеге?

- Туура суроо узаттыңыз. Мен Республика сарайында жасалгасы, LED-дисплейлери жок, жарымы жандуу жарымы фонограмма болгон фанер концерттерге каршымын. Эгер концерт беришсе, анда толугу менен жандуу беришсин. Менде андайдын көбү болгон, баары жакшы даярдалган. Мурдагы жылдары концерт берейин дегем бирок, жеке жашоомдо чоң бурулуштар болуп кеткендиктен бир аз тыныгып турууну чечкем. Кайра концертти бул жылга пландагам. Баары кымбат тургандыктан, концертке демөөрчүлөрдү таба албадым.

- Сиз 10 жылдан бери продюсерсиз иштеп келе жатасыз. Мындай режимде иштөө кандай?

- Мага өз алдынча иштөө ыңгайлуу, себеби бардык процессти өзүм контролдоп турам. Мен элге жакынмын, жан дүйнөмдөн чыккан нерсени элге жеткире ырдайм. Ал эми продюсер менен иштөө көпчүлүк учурда коммерциялык багытка акцент жасалат. Сага эмнени айтса, ошону жасоого мажбурсун. Бул нерсе мага жакпайт!

- Бүгүнкү күндө сизге кимдир-бирөө кандай жана эмне кылуу керек экенин айтып турабы?

- Мага эч ким эч нерсе деп айтпайт. Менде гастролдук директорум бар, ал бардык административдик суроолорду чечет. Айдоочум, апам бар алар учурда мага эң жакын адамдар.

- Кайсы бир партиянын мүчөсүзбү?

- “Нур Отан” партиясында көп жылдан бери турам. “Асарда” дагы мүчо болгом. 2004-жылы мен ырдаган биринчи партия болчу. Ал менин эс тарткандагы тандоом эле жана ар дайым активист болуп жүрчүмүн.

- Союз мезгилинде кайсы бир уюмдарга мүчө болгонсузбу?

- Мен пионер, комсомол болгонго жетишкен эмесмин J Ар дайым класстын лидери болуп жүрдүм.

- Сырттан көз салган адамга таарынчаак, эрке, кекчил жандай көрүнөсүз... Чынбы?

- Чынында эрке, таарынчаакмын. Бирок, кекчил эмесмин. Өзүмдү коргой алам кыскасы J

- “Инстаграмдан” кетүү тууралуу ойлор болду беле?

- Мен эч жакка кетпейм, абсолюттук түрдө мага жазылган адамдар менен нормалдуу сүйлөшөм. Бизди эки тараптуу байланыш кызыктырат. Эмнеге мен өчүрүлүшүм керек? Болгону оозунан начар сөздөр чыккан тилдерди жазалайбыз.

- Өзүңүздү оптимистмин деп эсептейсизби?

- Ооба, мен –оптимистмин. Бирок, менде кыйын учурлар, кырдаалдар, мүнөттөр, депрессиялар болот мүнөзүмдүн күчүнө жараша чынында.

- Капаланган учурда сизди ким коргойт?

- Курбуларым, досторум, апам жана сүйүктүү адамым.

- Депрессияга каршы фирмалык ыкмаларыңыз барбы?

- Колдо болгон мүмкүнчүлүктү сөзсүз пайдалануу керек. Учурда казак тилин үйрөнүп, англис тилинен деңгээлимди өстүрүп, фитнеске баруудамын. Зыяндуу адаттарымдан арылган күндөрүм да болгон.

- Өзүңүздү бактылуумун деп эсептейсизби?

- Албетте, эсептейм. Бүгүнкү күндө менде баары бар: ден-соолук, жакын адамдарым, сүйүктүү жумушум. Чыныгы бактылуу болууга менин эне болушум жетпейт. Качан эне статусуна ээ болом ошодо абсолюттук түрдө бактылуу адаммын деп эсептейм!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

 

Последние новости