www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ар бир баскан кадамын пиарлоо жагынан Өмүрбек Бабановду да, Бакыт Төрөбаевди да чаңына калтырган экс- өкмөт башчы Темир Сариев учурда “Лексус-570” үлгүсүндөгү кымбат баалуу унаада жүрөт. Албетте, анын кандай машине айдап жүргөнүнө кызыкпайт деле болчубуз, болгону ошол машине ага кандайча тийип калганы тууралуу кызыктуу маалыматты кулагыбыз чалбаганда.
Ал убакта Темир Аргенбаевич Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, андан соң экономика министрлигин калчап турган кези. Анан ал чет мамлекеттерден жүк ташуу менен алектенген бизнесмендин ишине көзү түшүп, андан ушул “Лексус-570” үлгүсүндөгү автоунааны белекке алганы тууралуу кеп кетти. “Темир тулпар” менен эле чектелбестен, 250 миң “жашылбай” менен да чөнтөгүн “ысытканы” чынбы? Жаңы машинелүү болоору менен Темир мырза ага чейин минип жүргөн “Лексус-470” автоунаасын өзүнүн жансакчыларына берген дешет.
Ошентип бизнесмен Сариевге убада кылган “белектерин” толугу менен берет, бирок, Темикебиз берген убадаларын аткара албай калганы кандай? Тагыраагы, ал бизнесменге “бажы постторунан “жашыл түс” күйгүзүп берем, сени эч ким текшербей эле өткөрө берет” таризиндеги убадасынын өтөөсүнө чыкпаганбы? Ал убада аткарылбай калган соң, бизнесмен өзүнүн адамдары аркылуу Т.Сариевдин айланасындагы адамдарга басым жасай баштабай жаны жок бекен? Ошондо Темир мырзанын жакын адамдарынын бири ал бизнесменге “Рейндж ровер2 үлгүсүндөгү өзүнүн эски машинесин карматып, “азырынча ушуну алып тур” деп соороткону жалганбы? Мына ушундай машинени да өзү сатып алып, айдагысы келбеген Т. Сариев бүгүн президент болот элем деп чамынып жүрү. Баса, ошол 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Темир Аргенбаевич Азимбек Бекназаров менен телефон аркылуу банк кутучасынан табылган миллиондорду кантип бөлүшүп алсак экен деген маселени кызуу талкуулашканы да коомчулуктун эсинде.
Ошентип, бирөөсүнө машине алдырып минип, экинчиси менен миллионду бөлүшүп, анан турникке тартынса да операторун өзү менен кошо ала жүргөн, “короздой” койколоңдогон Темикебиз президент болуп калса, таза тамаша болобу деп турубуз. Анда бала-чакасына чейин машинени бизнесмендерге алдыртып, миллиарддарды кимдир бирөөлөр менен бөлүшүп, анан уктап атса да, “көрдүңөрбү Т.Сариев кандай таттуу уктайт” деп реклама жасатып калабы деп чочулап турганыбызды жашыра албайбыз. Буга “ак шумкарчы” жооп кылам десе редакциябыздын эшиги дайыма ачык, келсин чын-төгүнүн айтып берсин…
Булак: "Мантыш"