www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 16-майда, кыргызстандыктарды Энелер күнү менен мурдагы президент Сооронбай Жээнбекво куттуктады. Анда ал ар бир бала - эненин мээрими аркылуу өз элин, жерин, мамлекетин сүйөөрүн айткан.
--"Энелер - үй-бүлөнүн ынтымагын ширелткен уюткусу, коломтонун ээси, жалпы мекенибиздин куту. Ар бир бала - эненин мээрими аркылуу өз элин, жерин, мамлекетин сүйөт. Мекенге болгон атуулдук сезим - энеге болгон сүйүүдөн башталат.
Өлкөбүздөгү ар бир бала эне мээримине бөлөнүп чоңойсун деп тилек кылам. Ошондо коомубуз адилеттүү, мамлекетибиз күчтүү, эли-журтубуздун келечеги ишенимдүү колдо болот", - дейт Сооронбай Жээнбеков.
Булак: NazarNews.kg