www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков балет артисттери, жубайлар Надырбек уулу Канат жана Ирина Сапожникова менен жолугушту.

Мамлекет башчысы аларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып, бейформал маанайда баарлашты, алардын профессионалдык ишмердигине кызыкты.

Мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып, президент Сооронбай Жээнбеков бул алардын көп жылдык талыкпас эмгектеринин натыйжасы экендигин өзгөчө белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти» ардактуу наамы Мамлекеттик академиялык Мариинск театрынын Приморск филиалынын балет артисти Надырбек уулу Канатка ыйгарылды.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен Мамлекеттик академиялык Мариинск театрынын Приморск филиалынын прима-балеринасы Сапожникова Ирина Константиновна сыйланды.

Сыйлыктар Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынын өткөрүүгө даярдыктарга жигердүү катышкандыктары үчүн тапшырылды.

Буга чейин Надырбек уулу Канат жана Ирина Сапожникова өлкөдө жок болгондуктан, маданият ишмерлерине сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасына катыша албай калышкан.

Бул жолу алар СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдыгына арналган «Балет, балет…» аталышындагы балет искусствосунун эл аралык фестивалына катышуу үчүн Кыргызстанга келишкен.

Президент артисттерди үйлөнүшү менен куттуктап, аларга узун жана бактылуу үй-бүлөлүк жашоо каалады. Кыргызстанга көбүрөөк келип, жайкы эс алууну Ысык-Көлдө өткөрүүгө чакырды.

Последние новости