www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-мартта, Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында бул аймактагы инфратүзүм жана айыл чарба долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы Баткен шаарындагы логистикалык борбордун, сүттү, өрүктү кайра иштетүү ишканаларынын, айнек, темирбетон заводдорунун жана мал союучу жайдын курулуш долбоорлору менен таанышты.

Бул аталган долбоорлорду Баткен шаарынын өндүрүш аймагынын территориясында жүзөгө ашыруу мерчемделүүдө.

Баткен шаарында логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоордун жалпы баасы 46,5 млн сомду түзөөрү белгиленди. Анын курулушуна Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан жарым-жартылай каражат тартуу болжолдонууда. Долбоорду 2021-жылы бүткөрүү пландаштырылган. Аталган логистикалык борборго 1000 тоннага чейинки көлөмдөгү ар кандай продукцияларды сактоого болот.

Өрүктү кайра иштетүү боюнча ишкананын курулушун бүткөрүү үстүбүздөгү жылга, ал эми сүттү кайра иштетүүчү ишкана, айнек заводу жана мал союучу жайдын курулуштарын бүткөрүү 2021-жылга, темирбетон заводунун курулушун бүткөрүү 2022-жылга белгиленген.

Андан ары Мамлекет башчысы Дүйнөлүк банктын көмөгү менен «Борбордук Азиядагы жол катнаштарын жакшыртуу программасы» долбоорунун алкагында өткөрүлүп берилген жол тейлөө техникаларын көрүп чыкты.

Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банкка аталган долбоорду ишке ашырууга көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Жол тейлөө тармагына жалпы баасы 3 млн АКШ доллар суммасындагы 46 даана жол тейлөө техникасы берилди.

Жол инфраструктурасын жакшыртуу, автожолдорду куруу жана реконструкциялоо өлкө аймактарын өнүктүрүүнүн ажырагыс бир бөлүгү болуп саналаары белгиленди.

Президент Сооронбай Жээнбеков транспорт түйүндөрүн модернизациялоо аймактардын экономикалык потенциалынын ачылышына шарттарды түзөөрүн кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости