www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Италиянын абактарында соттолгон адамдар коронавирустан улам козголоң чыгарышып, массалык тополоңдон улам 7 киши каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, камакта жаткандардын баш аламандык чыгаруусуна коронавирустан улам киргизилген чектөөлөр себеп болгон. Себеби, аталган өлкөдө вирус күч алып жаткандыгына байланыштуу, камактагы жарандарды жакындары жана достору менен жолугушуусуна өкмөт тарабынан тыюу салынган.

Бул чектөөгө көнбөгөн түрмөдөгүлөр, көтөрүлүштү Италиянын Милан жана Рим шаарларындагы абактардан башташкан. Кийинчерээк Салерно, Модена, Неаполь, Фрозиноне, Верчелли, Алессандрия, Фоджадагы аймактарында жайгашкан 27 түрмөдө орун алган.

Анда бир түрмөнү барымтага алууга аракет болуп,  дагы башка абактардагы эмерек-жабдууларды өрттөп жиберишкен. Тополоңдон пайдаланып ондогон адамдар түрмөдөн качып кеткенге үлгүрүшкөнү менен полиция кызматкерлери качкандарды кармоого үлгүрүшкөн.

Жыйынтыгында массалык баш аламандыктан улам 7 адам каза болуп, 18 адам жаракат алды.

Картинки по запросу "тюрьмы Италия  коронавирус"Картинки по запросу "тюрьмы Италия  коронавирус"

Картинки по запросу "тюрьмы Италия  коронавирус"

Эске сала кетсек, 10-мартка карата Италияда коронавирус менен 9 миң 172 адам жабыркаса, 463 адам каза болду. Премьер-министр Жузеппе Конте "өлкө оор мезгилди башынан кечирип жатат" деп айтты жана эпидемияны жеңип чыгышарына ишеним билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости