www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-февралда БУУ системасынын Туруктуу координатору, БУУӨП Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Озонния Ожиелону өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын башталышына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушууда Озонния Ожиело Президентке БУУнун Башкы катчысы Антониу Гуттериштин анын дайындалгандыгын күбөлөндүргөн ишеним катын тапшырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков аны кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан БУУ системасы менен активдүү жана жемиштүү кызматташууга даяр экенин белгиледи.

«Сиздин ишмердигиңиз кызматташтыгыбыздын мындан аркы кеңейишине жана тереңдешине өбөлгө түзөт деп ишенем. 2017-жылы Кыргызстандын БУУдагы мүчөлүгүнө 25 жыл толду, буга байланыштуу биз бир катар маанилүү иш-чараларды өткөрдүк. БУУнун Башкы катчысы Антониу Гуттериш Кыргызстанга келип кетти», - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Кыргызстан парламенттик демократиянын жолун тандап алганын белгилеп, БУУӨПкө Кыргызстандын демократия принциптерин бекемдөө, шайлоо системасын жакшыртуу боюнча аракеттерине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

БУУ системасынын Туруктуу координатору, БУУӨП Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Озонния Ожиело өлкөнүн Президенти айткан мамлекеттик маанидеги программалар жана долбоорлорду алдыга жылдырууда жардам берүүгө болгон аракетин жумшоого даяр экенин белгиледи.

«БУУ системасы Сиздин 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө демилгеңизди колдойт. Бул Жарлык Кыргызстандын өнүгүүсүнө багытталган бардык аракеттерди жана күчтөрдү бириктирет. Кыргызстандын аймактарында бир топ программалар жана агенттиктер иштейт, биз долбоорлорубузду Жарлыктын алкагында белгиленген программаларга ылайык ишке ашырууну каалайбыз», - деп белгиледи Озонния Ожиело.

Ошондой эле ал Президент Сооронбай Жээнбековдун коррупция менен күрөшүү маселелери каралган Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин акыркы жыйынында айткан сөздөрү боюнча пикирин билдирди.

«Коррупцияга каршы күрөш боюнча Коопсуздук кеңешинин максаттары жана милдеттери биздин программаларыбыздын багыттарына шайкеш келет. Биз дагы коррупция өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган ресурстарды жокко чыгарып жатат деп эсептейбиз. Биз ошондой эле өлкөбүздө электрондук өкмөттүн принциптерин алдыга жылдырууга, санарип мамлекеттик тейлөөлөрдү жана ачык коомду өнүктүрүүгө  багытталган “Таза коом” долбоорунун ишке киришин колдоого даярбыз», - деди Озонния Ожиело.

Ал ошондой эле БУУ системасынын Кыргызстандын экологияны коргоо, жаратылыш кырсыктарына каршы аракеттенүү, радикализм жана экстремизмге каршы күрөшүүдөгү аракеттерин колдоого даярдыгын белгиледи деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости