www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бажы тармагындагы коррупция күндүн темасы болуп туру. Бирок негедир жетекчилик бул боюнча лам деген жок. Буга чейин бир күндө эле канча миллиондогон сомдор солонуп жатыптыр. Ал эми азыркы жетекчи Кулматов мурда деле ошол тармакта иштебеди беле? Ошондо Кулматовду «аппак кожо» десек жарашабы?
Бул эми башка тема дейли. Анүстүнө ушу тапта Кулматов Кудайдын сүйгүнчүгү болуп жатпайбы. Аныгында Бажы тармагында бир топ баш аламандыктардын болуп жатканын жашырып деле болбой калды. Ошол эле маалда Кубанычбек Кулматов жетекчи болуп келгени кадр дайындоодон колу бошобой жатат.
Улам бирин алып ыргытып, анын ордуна жаңы бирин алып келип, анан анын ордун “майлатып”, айтор майкөл-сүткөл… Жалаң капчыкты толтуруу менен кызматка коюу кадрдык катастрофага алып келээрин аңдабаган Кулматовдун өлкөгө канчалык зарылчылыгы бар?
Булак: "Де-Факто"