www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-майда, Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору, Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин астындагы Өнөржайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Аскар Сыдыков менен жолугушту.

Өнөржайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү, түзүлгөн кырдаалда ишкерликке колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жана посткризистик мезгилде бизнестин ролу талкууланды.

Мамлекет башчысы бардык мамлекеттик стратегиялык документтерде негизги багыттар катары ишкерликти колдоо жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү көрсөтүлгөндүгүн белгиледи.

Ишкердик жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртуу жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун көтөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен кошо бир катар системалуу көйгөйлөр болуп жатканын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков буга байланыштуу мамлекеттик органдар менен бизнестин ортосундагы конструктивдүү диалогду күчөтүүнүн маанисин баса белгиледи.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков Өнөржайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет иштеген мезгилде бир катар оң натыйжалар болгонун — Өнөржайды өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынгандыгын, жеңил өнөржайы үчүн жеңилдиктер түзүлгөнүн, жакын арада укук коргоо органдарынын ишкерлерге кошумча төлөмдөрдү салууга түрткү берген Өкмөттүн токтому жокко чыгарылаарын жана башка иштер жасалганын белгиледи.

Бир жылга жетпеген убакта экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү жана ишкерлердин көйгөйлүү маселелерин чечүү боюнча жалпы жонунан 152 сунуш иштелип чыккандыгын баса белгиледи.

Аскар Сыдыков ошондой эле Башкы прокуратуранын түзүмүндө ишкерлер менен иштөө боюнча атайын бөлүмдү түзүү бизнес өкүлдөрүнөн жакшы пикирлерге ээ болгонун билдирди.

Ошону менен бирге Комитеттин бир катар чечимдери азыркыга чейин толук көлөмдө аткарыла электигин кошумчалады.

Буга байланыштуу Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору экономиканы жөнгө салууда реформаларды ишке ашыруу зарылдыгы жөнүндө пикирин айтты. 

Ошондой эле Аскар Сыдыков түзүлгөн кризистик кырдаалга карабастан, ата мекендик экономикада айыл чарба, энергетика, тоокен өнөржайы жана башка чөйрөлөргө инвестиция тартуу боюнча көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин астындагы Өнөржайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет Президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын декабрындагы Жарлыгы менен түзүлгөн. Ал ишкерликтеги эң актуалдуу болгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн мамлекет менен бизнестин ортосунда диалог аянтчасы болушуна шартталган.

Комитеттин жетекчиси Мамлекет башчысы өзү болуп саналат, ал эми орун басарлары — Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков менен вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.

Комитеттин курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын жетекчилери, бизнес-түзүмдөр менен ассоциациялардын өкүлдөрү кирет.

Булак: NazarNews.org

Последние новости