www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызыл-Кыя ШИИБнин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан шаар аймагындагы өспүрүмдөрдүн коопсуздугун алдын алуу боюнча ишмердүүлүгүн күчөтүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Кокустук фактыларынын алдын алуу жана болтурбоо максатында шаар аймагындагы жайкы эс алуучу жайлардын (бассейн), сууга түшүүгө тыюу салынган жайлардын, көлмөлөрдүн, суу өтүүчү чоң арыктардын эсебин тактап, бөөдө кырсыктардын жана өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо максатында иш-чараларды уюштурду.
Иштин жүрүшүндө жер-жерлерде орун алган көлмөлөрдүн, булактардын, суу өтүүчү чоң арыктардын бойлорунда жакын жашаган тургундарга жана сууга түшкөн өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.
Жайкы эс алуу жайларынын ээлерине өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо үчүн сунуштар берилди. Шаар аймагындагы эл көп топтолуучу жайларга атайын эскертме кагаздары чыгарылып, керектүү жайларга чапталып, калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.
Мындан сырткары жазгы сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу максатында кооптуу участокторго эскертүү тактайчалар орнотулуп, сууга түшүүгө ылайыктуу жерлерге эскертме жарнактары илинди.
Булак: NazarNews.org