www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бу сапар NazarNews маалымат агенттиги "Мекен Ынтымагы" партиясынын төрагасы Темирбек Асанбековду кепке тартып, ЕАЭС биримдигинин алкагында ой бөлүштүк.

--Коррупция менен иш козголгондор шайлоого барбашы керек деген Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун демилгеси колдоо табабы?

--Демилге туура, коррупция менен кылмыш иши козголгон жарандарга, шайлоого эл окулу катары катышуусуна чек коюш керек. Бирок, азыркы парламентте отурган депутаттар адилеттүү чечим чыгараарына ишеним жок.

--Кыргызстан ЕАЭС менен мамилесин тактап ала турган мезгилге келдиби? Өз позициябызды казактардай билдиришибиз керекпи?

--Казакстанда саясый бийлик институттары сапаттуу түптөлгөн, азыркы учурда социалдык - экономикалык туруктуулугун кармоого кудурети жетет. ЕАЭС биримдигин негиздөө демилгесин алгач Назарбаев сунуштаган. Ошондуктан, тышкы саясый - экономикалык иштерди уюштуруу тажрыйбасы Кыргызстанга салыштырмалуу бир топ жогору. Биримдик уюштуруу саясый иштери башталгандан бери эле улуттук экономикалык кызыкчылыктарын коргоо иштерин, өтө кылдаттык менен жүргүзүшкөн. Биз эч бир илимий экономикалык даярдыктарды жүргүзбөй эле, Атамбаевдин буйругу менен тез арада парламент ратификациалоо иштерин бүтүрүп, мурдагы премьер-министр Темир Сариев Россияга жагынып, шашылыш эле маанилүү долбоорго кол коюшкан. Андыктан, азыр Казакстан айтып жаткан талаптарды коюууга, Кыргызстандын даярдыгы да жок, саясый кудурети да жетпейт. 

--Бүгүн эгемендикти же ЕАЭСти тандаш керек деген маселе жаралган жокпу?

--Азыркы кырдаалга жараша Кыргызстанда социалдык - экономикалык кризис өтө коркунучтуу . Эгерде дүйнөлүк экономика жакынкы убакытта өзүнүн калыптануу жолуна түшпөсө, бизде экономикалык кыйынчылыктар дагы күчөйт. Ошондуктан, эгемендүүлүк алуу шылтоосуна жамынып, саясый провокациаларга элибизди түртүп жаткан адамдар, кандай максатта демилге көтөрүп жатканы түшүнүктүү. Күндөн күнгө жумушсуздук күчөп, сыртта кыйналган эмгек мигранттар келип, мамлекетте маселе күчөп жатканда саясый популистик иштерди жүргүзүп жаткан адамдар кыргыз элинин душмандары. Биз саясый - экономикалык иштерди эл аралык деңгээлде өтө кылдаттык менен жүргүзүп, баардык мүмкүнчүлүктөрдү сапаттуу аткаруу менен гана улуттук кризистен чыга алабыз. Азыр Кыргызстан мурдагы ЕАЭС биримдигинин келишимдеринде ашыкча туура эмес кабыл алынган катачылыктарды, жогорку деңгээлдеги дипломатиялык сүйлөшүүлөр менен тууралап алуусуна саясый мүмкүнчүлүктөр жаралды. Баарыңарды сабырдуулук үлгүсүн көрсөтүүгө, саясый туруктуулукту сактоого, мамлекеттик иштерди сапаттуу аткарууга чакырам!

Булак: NazarNews.org

Последние новости