www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ менен Орусиянын өкүлдөрү жолугуп, өзөктүк арсеналдарды чектөө тууралуу ири келишим түзүү боюнча америкалык тараптын сунушун талкуулоону пландап жатышат. Бул тууралуу Wall Street Journal (WSJ) гезити жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, АКШ президенти Дональд Трамптын курал-жаракты көзөмөлдөө боюнча атайын өкүлү Маршалл Биллингсли менен Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябковдун жолугушуусу Венада өтөт деп пландалууда. Анда 2021-жылы февралда күчүн жогото турган «Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды азайтуу жөнүндөгү» (СНВ-3) эки өлкө ортосундагы макулдашууну алмаштыра турган жаңы келишим даярдоо тууралуу сөз болот деп күтүлүүдө.

Ошондой эле макалада Вашингтон келишимде бардык өзөктүк куралдар, анын ичинде тактикалык жана узак мөөнөттүү сактоого алынган куралдар жөнүндө да сөз болушун каалап жатканы да жазылган.

Булак: NazarNews.org

Последние новости